www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана жайылтууга айыпталып 9 жылга соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткен. Ал президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан бошогону айтылган.
Коомчулукта Ажиевдин абактан тик учак менен чыгып кеткени кызуу талкууга түштү. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөн. Ижара буюртмасын Ажиевдин жакындары берген.
Буга чейин социалдык тармактарда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Петровка айылындагы №8 түзөтүү мекемесинен тик учак учуп чыкканы тартылган тасма тараган. Видеого тарткан киши тик учак Даниэл Ажиевди алып кеткени келгенин айтканын угууга болот.
Тийиштүү органдар бул видео тууралуу маалымат бере элек.