www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң доллар 24-январынан 14-февраль, «РСК» банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, «РСК» банкына төлөнгөн алгачкы 1 миң долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу милдеттүү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң доллар төлөй албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат. Ал эми 2023-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-март, «РСК» банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт.
«Жаңы талапкерлер 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 1000 долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 1000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
Толук маалымат алуу үчүн: Тел: 0778 48 61 67, 0558/0708 48—61—67 Тел/факс: 0312 48—61—67 Э-почта: [email protected]»,— деп айтылат маалыматта.