www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Кыргыз калкым! Кадырман жаштар! Аксылыктар тарых жараткан эл!

Быйыл 2021-жылдын 17-мартында, кыргыз тарыхында кара тамга менен калган, жыл сайын мамлекеттик денгээлде эскерилүүчү Аксы окуясына 19 жыл болот. Ошол окуя болгондо төрөлүшкөн балдар да 19 га чыгышты. Азыр айрым 19-29 жаштагылар саясатка аралашып, эгемен доорунун 30 жылдык мезгил ичиндеги тарыхый окуяларын айтып калгандарын угуп жүрөм. Ошондуктан тарыхый окуяны, акыйкат эскерүү үчүн, ошол Аксы окуясынын башкы «күнөөкөрлөрүнүн» бири катары, бул эскерүүнү жаштар сиздерге багыштаймын.

Кыргыз тархындагы борбору Аксыкент шаары болгон мамлекеттеги, Кокон хандыгынын ордосундагы, Түштүк кыргыздар Орус империясы тарабынан басып алынгандагы, Кыргыз жергесинде Совет мамлекетин куруудагы эгемен Кыргыз Республикасын түптөөдөгү жана анын «хандык» бийлик жүргүзүүсү келген президенттери менен күрөшүүдөгү Аксылыктардын өзгөчө ролу жөнүндө айта берсе сөз көп. Башкасын айтпаганда да, Нүсүп атабыздын Шералыны Таластан Коконго алып барып, хандык тактыга анын эски чокоюн кошо илип: «ким элең, ким болдуң» кыяздагы өткөнүн унутпоо сабагы, азыркы заманда да баа жеткис тарбиялык, философиялык мааниси терең саясий жосун. Нүсүп атабыздын Шералыны такка олтургузбай, өзү  такка олтурганга толук мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок ал олтурган эмес, себеби Аксылыктар бийлик үчүн эмес, кыргыздардын эркиндиги, кыргыз жеринин бүтүндүгү, адилеттүүлүк же заманбап тил менен айтканда, эгемендүүлүк, көз карандысыздык, үчүн күрөшкө чыгышат. Ата-бабалардын жолун жолдоп, Үзөнгү-Кууш, Сары-Жаз, Какшаал, Хан-Теңиринин айрым участоктору Кытайга, Каркыранын, Көк-Сайдын, Маймактын айрым участоктору, Токмоктун тушундагы айлампа жолдун 800 метри Казахстанга берилип жатканда, Акаевдин бийлигине 2001-жылдын башында, Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары, анын ичинде Аксынын депутаты А.Бекназаров буга каршы чыгышкан. «Чыккынчы» Акаевке импичмент жарыяланарынан коркушкан анын командасы Аксынын депутатын 2002-жылдын 2-январында камакка алышат. Депутатынын кыргыз жерин коргоп чыкканы үчүн камакка алынганын билишкен  Аксылыктар, «депутатыбызды үй камагына чыгарып бергиле» деп бийликке кайрылышып, алардан оң жооп албаган соң, депутатын коргоо күрөшүн башташат. Аксылыктарды А.Масалиев, Д.Садырбаев баштаган Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары, айрым мекенчил инсандар, саясатчылар, журналистерибиз активдүү колдоп чыгышат.

Россиянын, АКШ нын, ОБСЕ нин жана башка  айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Аксылыктар менен жолугушат, угушат, аларды колдошот.

Аксылыктарды колдоп, Бишкекте ачкачылык акциясында жаткандардын ичинен  Ш.Назаркулов шейит кетет. Ага карабай, Акаевдин бийлиги, Аксылыктарды уккусу, көргүсү келген эмес. Тескерисинче, аларга каршы  мамлекет бардык күчүн жумшаган.

Армия, милиция, башка күч структуралары, сот, прокуратура, мамлекеттик ММК лар, жети дубандын дежурлору, сатылма жарым каралар, айрым бизнесмендер колдонулган. Аксылыктар эки жарым ай бою  күч органдары тарабынан мыйзамсыз кармалды, сабалды, шылдыңдалды, кемсинтилди, бөлүнүп жарылды. Бирок Аксылыктар сынбады, сатылбады...

Акырында аларга каршы ошондогу Өкмөт башчы К.Бакиевдин жашыруун кол койгон «Буран», «Тайфун» аскер операциялары колдонулду. Жөө жалаңдап райондун борборуна тынчтык митингге бараткан эл, Боспиектин тушунда ээн жерде мөндүрдөй жааган окко кабылды. Ошентип «жер саткан» бийлигибиз, «жерибизди сатпа» деген өз элине ок чыгарды. Аксы жергеси, канга боёлду. 6 адам окко учту, жүздөгөнү жаракат алышты. Аксы жергеси ого бетер ыйга батты, кыйналды, ийилди, бирок тез эле  кайра чыйралды.

Кара-Суу айыл аймагында Акаевдин бийлиги таптакыр токтоду... Бир нече мектептердер жабылды...Күрөш улантылды. Бийлик «аксылыктардан жеңилгенин» 2002-жылдын май айында өткөн Коопсуздук Кеңешинде  расмий мойнуна алууга аргасыз болду. Бирок Аксылыктар күрөшүн токтоткон жок. Эми Акаевдин бийлигин кетирүү үчүн «Акаев кетсин» урааны менен 2002-жылы жайында Аксы-Жалал-Абад, Аксы-Ош, Аксы-Бишкек улуу жөө жүрүштөргө чыгышып, жалпы элдин мекенчилдик аң сезимин ойготту. Аксылыктарды Акаевдин айрым чиновниктери аргасыз колдоого өтсө,  Акаевдик режимден зордук-зомбулук, куугунтук көргөндөр эми Аксылыктардын айланасына биригишти. Аксылыктар баштаган үч жылдык саясий күрөш б.а 2005-жылдын 24-мартында Акаевди, Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз кылды. Бийликке, «манты жеп олтурган  жерден» Шералыга окшоп Бакиев келди... Ошентип Аксылыктар дагы бир жаңы тарых жаратышты... 

Аксылыктар Акаевди жеңгени менен, анын чек арага байланыштуу кол коюп берген келишимдерин Акаевдин ордуна бийликке келген Бакиев жана анын үй-бүлөлүк Ак-Жол парламенти  ратификациялап беришти.

Мисалы, Кыргыз-Казак чек арасы боюнча 2001-жылкы кол коюлган келишим, аксылыктардын таасири менен 2008-жылга чейин, парламенттен өткөрүлбөгөнү менен, Бакиевдик үй-бүлөлүк Ак-Жол парламенти бийликке келери менен 2008-жылы апрель айында ратификациялап, Каркыраны баш кылып, казактарга өткөрүп беришкен.

2016-жылы жазында Өзбекстандын аскер күчтөрү Аксыдагы Ункар-Тоону (Үңкүр-Тоо) бир тараптуу ээлеп алып, ал жерде иште жүрүшкөн кыргыз жарандарын кармап кетишкен. Аксы-Ала-Бука автоунаа жолун ээлеп алышкан. Ушул окуяга байланыштуу митингге чыккан Аксылыктарга Атамбаевдин бийлиги, Өкмөт башчысы баш болуп, «Ункар-Тоо Өзбекстандыкы, ал жердеги Кыргызстандын объектилерин которуу учун жер бөлүп бергиле» - деп Кербен шаардык Кеңешине жашыруун документтерди жиберген. Буга каршы чыккандарды,айрыкча Атамбаев өзү «Булар канга тойбогон кузгундар, аларды укпагыла, келсе ташбараңга алгыла» - деп чек араны кайтаргандын ордуна А.Бекназаровду кайтартып, элди ага каршы тукурат. Ага карабай Бишкектен, Жалал-Абаддан А.Бекназаров баштаган жоон топ мекенчил инсандар Аксыга келип, элге жоолугуп, Ункар-Тоо кылымдар бою кыргыздыкы экенин, бир метрин да бербейбиз, Атамбаевдин бийлиги коргобосо, эл өзүбүз коргойбуз» - деп чечим алып, чечимде Өзбекстандын президенти маркум, Каримовко түз кайрылып, Атамбаевди сыйлабасан, өз жерин коргоого даяр кыргыз элин сыйла, жолду ач, жарандарыбызды кайтарып бер» - деген кайрылуу алышкан. Ошондон кийин маркум, көсөм киши Каримов жолду ачкан, кийинчерек биздин жарандарды коё беришкен. Мен муну эмнеге жазып жатам.

Кечээ жакында Кыргызстандын президенти С.Жапаров менен Өзбекстандын президенти Мирзиёев экөө жолукканда, Өзбекстан тарап, Ункар-Тоо боюнча дооматын алганы айтылып жатат. Ункар-Тоо эч качан талаш болгон эмес, аны Атамбаевдин бийлиги жараткан. Өзбекстан кайсы бир чек ара маселесин чечуу учун атайын жасалма доомат кылса кылгандыр?! Менимче алардын Ункар-Тоодон баш тартуусуна, 2016-жылкы Кербендеги жыйын таасир эткен, анткени ошондон көп өтпөй Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча 85 пайызына кол коюлганда, Ункар-Тоо боюнча маселе, Өзбек тарабынан ачык калтырылганы жөнүндө тастыкталбаган сөз бар. Бишкекте Аксы Коомунун активистери чогулуп, президентке, ЖКга, Өкмөткө атайын кайрылуу даярдап, аксылык депутат К.Жумалиевдин өзүнө да кол койдуруп киргизилет. Ал кайрылууда Ункар-Тоону коргоо боюнча, атайын штаб түзүлгөнүн кабарлап, бул маселе парламенттен да көтөрүлүүсүн, «Ункар-Тоону Өзбекстандыкы» - дегендерге чара көрүүсү айтылган.

Ушундан пайдаланып Ункар-Тоо боюнча 2016-жылы жазында Кербенде өткөн жыйынга Бишкектен атайын келишкен: М.Абыловко, Ч.Абыкеевке, Б.Туралга, Б.Асановко, К.Кадыровко, К. Дүйшеевке жана башка Кырк-Чоронун балдарына, журналисттер: Б.Назаралиевке, Наралы Асанбаевге, А. Айтикеевке, (ошондон кийин АКШ га качууга мажбур болгон), Жалал-Абаддан атайын келген К.Ташиевке,  М.Усеновко ж.б, Кербен шаардык Кеңешинин Ж.Надырбековко окшогон айрым депутаттарына, Аксылыктардын атынан ыраазычылык билдирем.

Алар бийликтен коркпой жыйынга келгендер болбогондо, мүмкүн Ункар-Тоо алда качан Өзбекстандыкы болмок, себеби Атамбаев ошондо кол койгон келишим, азыркы Жогорку Кеңештен талкууланбай  эле жашыруун  «оптом» өтүп кеткен, Ункар-Тоо да өтүп кетмек. Ункар-Тоо ошентип Аксылыктар өздөрү сактап калган. Аксылыктардын бөтөнчө касиеттүү эл экенин жакшы билген Өзбекстандын азыркы лидери Ункар-Тоо талашуудан баш тартып көсөмдүгүн көрсөттү. Бул да тарых...

Мына замандаш, Аксылыктар бийлик менен бөтөнчө күрөшөт, бирок бийлик үчүн эмес, мекен, намыс, адилеттүүлүк үчүн күрөшөт. 19 жыл мурда шейит болушкан азаматтар, Кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн Чолпонбайдай эле курман болушкан. Аксылыктарды колдоп, саясий ачкачылыкта жатып шейит болгон Ш.Назаркулов саясий өлүмдүн туу чокусун көрсөткөн. Алар Акаевди кетирип, Бекназаровду президент кылабыз деген эмес. Алар «кыргыздын Үзөнгү-Куушу үзүлбөсүн, Каркырасы учпасын» - деп шейит болушкан. Чыныгы мекенчилмин десең, ошол кыргыз жери үчүн күрөшкө чыгышып, саясий күрөштүн жаңы үлгүсүн көрсөтүшүп, тарыхты өзгөрткөн Аксылыктардын баатырдыгын түбөлүк калтыруу үчүн коюлган Ак Үйдүн алдындагы эстеликке келип,  таазим кылып, куран түшүрүп Аксы окуясынын таржымалын айта жүр!

Аксы окуясынын катышуучуларына жана жабырлануучуларына 19 жыл мурда тартышкан азап-тозоктору, орду толгус оор жоготуулары үчүн, терең урматтоо менен көңүл айтам.

Урматым менен: А. Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости