www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы эмделген аялдын чуулгандуу өлүмү

"Данияда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөдөн кийин каза болгон аялдын адаттан тыш белгилери болгон, аны азыр эксперттер изилдеп жатышат", - деп билдирди Даниянын медициналык агенттиги.

"Бул учурда бейтаптын өлүмү менен байланышкан адаттан тыш белгилери болгон, ал бир канча изилдөөлөрдү талап кылат. Агенттикте ушул сыяктуу белгилерди европалык маалымат базаларындагы башка бир нече отчеттордон тапты", - деп айтылат билдирүүдө. Агенттик Норвегияда өткөн ишембиде Даниядагы айтылган ооруга окшош терс таасирлери сүрөттөлгөн оорулар жөнүндө айтылганы маалым болгон.

"Даниялык бейтаптын тромбоциттеринин саны аз, кичине жана чоң тамырлардагы тромбдор, ошондой эле кан агуусу менен өзгөчө клиникалык белгилери болгон", - деп түшүндүрдү жана каза болгон аялдын өлүмүнүн себептери кылдаттык менен изилденет деп кошумчалады эксперттер.

Буга чейин Данияда вакцина алган 60 жаштагы аял каза болгондон кийин AstraZeneca вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөнү токтоткону маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости