www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Анаркулович, Сиз көп жылдан бери, «Башкаруунун түрүн бийликтин бирден - бир булагы жана эгемендиктин ээси болгон Кыргызстандын эли чечиши керек» - деп нечендеген Курултайларды өткөрүп, президенттерге, элге кайрылууларды, «Бизге кандай башкаруу керек?» - деген китепти да жаздыңыз эле, мына С. Жапаров башында турган азыркы бийлик сиз айтып келгендей, башкаруунун түрү боюнча референдум өткөрдү. Эми элдин эркине ылайык башкаруунун таза президенттик түрүндөгү Конституцияны да даярдап, аны референдум аркылуу кабыл алдырганы турат. «Бекназаров айтып, жазып жүргөндөй реформалар жүрүп жатат» - деген да ой пикирлер да жок эмес. Бирок Жаңы Конституциянын долбооруна нааразычылыктар абдан көп. Айтыңызчы, эми өлкөнү жалгыз президент өзү башкарса эле, элдин турмушу жакшырып кетеби? Азыркы кабыл алынганы жаткан Жаңы Конституция абалды жакшыртканга өбөлгө түзө алабы?

--Биринчиден муну мен жалгыз эле айтып, жазып, Курултайларды өткөрүп келген жокмун.  «Башкаруунун түрүн эл чечсин» - деген идея тууралуу биринчи жолу 1993-жылкы Конституцияны кабыл алып жатканда эле парламентте учкай сөз болгон. Бирок, А.Акаев жана анын Левитин баш болгон реформаторлору Франциянын Конституциясын көчүрүшүп алып, «Кыргызстанды Францияга айлантабыз» - деп, жарым президенттик башкаруусу бар Конституцияны кабыл алдырышкан. Андан кийин көп өтпөй эле бийлик кумарын түшүнө баштаган Акаев «мен, Англиянын королевасындай болуп калыптырмын» - деп жүрүп, 1993-жылкы Конституцияны кайра-кайра оңдоп, түздөп жүрүп, 2003-жылы февраль айындагы акыркы оңдоосунда жеке авторитардык башкаруунун үй-бүлөлүк түрүн бекемдеп, үй-бүлө мүчөлөрүнө чейин кол тийбестикти Конституцияга киргизип алышкан. Ошондон тартып парламенттик оппозиция болгон биз, «Кыргызстан» фракциясы, жана биздин демилгебиз менен өткөн элдик Курултайда 2003-жылы жазында, 1-жолу башкаруунун түрүн эгемендиктин ээси болгон Кыргызстандын эли аныктасын» - деген чечим кабыл алынган. Бул чечим 2005-жылы март ыңкылабынын да башкы талабы болгон. 2006-жылдын башында президент Бакиев «Башкаруунун үч түрү боюнча» Конституциянын жаңы долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топту өз Жарлыгы менен да түзгөн. Бирок ал аны аягына чейин өзү аткарган эмес. Мен ошол идеяны ошондон ушул күнгө чейин улантып келдим. Азыркы жаңы бийлик бул суроону жалпы элдин тандоосуна коюп, тарыхый иш жасады. Эми элдин көпчүлүгүнүн тандоосуна жараша, жаңы Конституция кабыл алдыруу азыркы бийлик үчүн да, элибиз үчүн да милдет болуп калды. Ушундай элдин тандоосуна жараша жүрүп жаткан реформалар карама-каршылуу шарттарда жүргүзүлүп жатса да мени кубандырат. Бирок жалпы элибиздин, айрыкча айрым саясый жана жарандык уюмдардын, интеллигенция өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн жана көптөгөн депутаттарыбыздын, жалпы элдин бүгүнкү жана эртеңки турмушуна тиешеси бар Конституцияга келгенде эмнегедир кайдыгерлиги же таптакыр катышпай жатышканы мени өкүндүрбөй койбойт. Алар мезгил-мезгили менен өтүүчү шайлоо өнөктүгүндөгү активдүүлүгүн, же былтыркы референдум алдындагы, 2010-жылкы Конституциянын жаңыланышына каршы болгондой, же партиялык тизмени шайлатуу системасын сактап калуу үчүн күрөшкөндөй, ал түгүл айрым адамдардын байлыктарын эсептегендей же алардын камалышы же камактан чыгышына байланыштуу социалдык тармактарда «чуу» салгандай аракеттерди жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоодо, өз сунуштарын беришип алар үчүн күрөшүп митинг, конференция, курултайларды өткөрүшкөндөрүн көп байкай албадым. Жеке социалдык тармактарда таптакыр жокко эсе. Эртең Конституция кабыл алынгандан кийин көп нерселерди түшүнүшөт дечи, бирок анда кеч болуп калаарын негедир эске албай жатышкандай. Ушул мени өкүндүрөт. «Жаңы Конституция кабыл алынса эле баары жаңыланат, турмуш оңолот» - десек туура эмес болот. 30 жылда 12-жолу Конституция жаңыланып жатат. Элдин турмушунун 12 жолу жаңыланганын көргөн жокмун. Жаңы Конституция менен бирге өзүбүз жаңыланабызбы? Чоңдорубуз «үй-бүлө» үчүн бийлик жүргүзбөй, жаңыча эл үчүн элге кызмат кылабы? Кен-байлыктар, элдин байлыгы катары эл үчүн иштетилеби? Баарыбыз, президентибиз баш болуп, ушул жакында кабыл алынганы жаткан Конституцияга жана ага ылайык жаңылана турган мыйзамдарга баш ийип, иштеп жашайбызбы? Көп нерселер ушуларга байланыштуу болот.

--Сиз Жаңы Конституциянын долбоору, дегеле коомдук жаңылануу боюнча биздин сайт аркылуу эле нечен жолу кайрылуу- сунуштарды бердиңиз? Сунуштарыңыз бийлик тарабынан кабыл алындыбы? Айрым депутаттар, «сунуштарыбыз кабыл алынбай жатат»- деп айтып жатышат...

--Ооба акыркы жолу «NazarNews» аркылуу 7 пункттан турган сунуштарымды президенттин наамына негиздемелери менен сиздер аркылуу бердим. Мисалы, аткаруу бийлигинин тутумуна кирбеген өзүнчө Тергөө Комитетин түзүү, Конституциядан «расмий тил» деген түшүнүктү жоюп, орус тилин, мамлекеттик тил менен катар колдонулуучу - эл аралык катнаштын тили катары гана пайдалануу, президенттин ыйгарым укуктарынына тең салмактуу милдеттерин кошо киргизүү, президентке өзүнүн Жарлыгы менен өткөргөн Референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүү укугун бербөө, Президенттин элдик Курултай аркылуу эл алдындагы отчеттуулугун так көрсөтүү, экс-президенттин статусу жөнүндөгү ченемди Конституциядан алып салуу, элдик Курултай институтун, улуттук демократиянын туу чокусу катары, өзгөчө коомдук жана мамлекеттик маселелер каралуучу өзгөчө улуттук жыйын катары бекемдөө жана башка улуттук идеологияга, улуттун кайра жаралуусуна тиешеси бар ченемдерди, Баш мыйзамга киргизүүнү Констиуциялык Кеңешменин мүчөлөрүнө атайын жолугуп да айткам. Тилекке каршы менин бир дагы сунушум, мен көп жылдан бери сунуштап, практикалап келгендей кирген жок.

Мисалы, элдик Курултай институту бир дагы мамлекеттик бийлик бутактарына кирген эмес, бийликтин кадр ишине таптакыр аралашпаган, улуттук демократияны Конституциялык деңгээлде чагылдырган жарандардын укугу катары эмес, «өкүлчүлүктүү жыйын» катары киргизилди. Албетте, эми Элдик Курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзам менен: президенттин, саясый партиялардын, жарандык уюмдардын, аялдардын, этникалык диаспоралардын өкүлдөрүнөн бийлик аныктаган адамдардан түзүлгөн «дүжүрлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйыны» болушу ыктымал. Долбоордогу Элдик Курултай, Акаев-Куловдор 1994-жылы киргизген Эл Өкүлдөр Жыйынына окшоп калыптыр.

Анткени, Конституцияга: «Элдик курултай бул Кыргызстандын өз алдынча башкаруунун аймактарында өткөрүлгөн жергиликтүү Курултайларда жана чет өлкөлөрдө жашашкан кыргыз диаспораларынан гана шайланган делегаттардан түзүлөт» - деген ченем жок. Курултайдын делегаттарын ким шайлайт же аныктайт, ачык калган. Бирок менин сунуштарым, мен ойлогондой өтпөй калды деп, көп деле өкүнгөн жокмун. Эң башкысы процесс кетти, жүрүп жатат, кыргызда: «көч, жүрө-жүрө түзөлөт» - деген сөз бар. Азыр да кеч эмес, мүмкүн азыркы «легитимсиз» парламентибиз анча-мынчасын талкуулап жатып, Конституциянын долбоорун жакшы өзгөртүүлөр менен жалпы элдик добуш берүүгө чыгараар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости