www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров ушул тапта журналисттерге жыйын өткөрүп жатат.
"Мамлекеттеги революция Кумтөр болгон. Биринчи оппозиция Кумтөрдөн башталган. Кумтөр жөн маселе эмес, алтын кени нечендеген адамдардын тагдыры байланган. Насирдин Исановдун табышмактуу өлүмү Кумтөргө байланыштуу. Акаевдин экс-президент деген макамы Кумтөргө байланыштуу. Эң акыркысы азыркы президент Кумтөр тууралуу канча азап тарткан, балдары, ата-энеси. .... Кумтөр маселесинде адамдын, мамлекеттин тагдыры турат. Менин саясаттагы кадамым жөн калбайт", - деди жыйындын жүрүшүндө Бекназаров.
Ошондой эле Бекназаров чек ара маселеси боюнча агынан жарылып, чек ара маселесин тыкыр карап чыгууну айтып, "чыккынчылык" кылбагыла, буга чейин "чыккынчылык" кылгансыңар", деп айтты.
Андан сырткары Курултай тууралуу токтолуп, "Курултай биздин улуттук демократия", деп атап Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүн жана президентти сынга алып, 2020-жылы 8-октябрда Садыр Жапаровго бата берип такка олтургузганын эскертти.
Белгилей кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров "иштей албагандыгына" байланыштуу кызматынан кетти деген "ярлык" тагылганы менен 2 жылдын ичинде бийликке бир нече сунуш-каттарын ММКлар аркылуу ачык билдирип келгени белгилүү.
Азимбек Бекназаров үстүбүздөгү жылдын 5-августунда "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кызматтан алынды" деген чечими менен кызматтан кеткен.
Булак: NazarNews.kg