www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору ачылгандан бери 40 операция жасалган. Бул тууралуу аталган борбордун директору Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен 28-августтан 7-сентябрга чейин "Алтын балалыкта" 100дөн ашуун майыптыгы бар балдар ата-энелери менен жана интернаттан келген өспүрүмдөр эс алышкан. Ал эми 7-сентябрдан баштап дагы 70ке жакын балдардын жаңы тобу эс алууга барган.
"Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, ушул жылдын жай мезгилинде 40ка жакын бейтапка операция жасалган.
“Балдар 10 күндүк эс алуу учурунда сууга гана түшпөстөн, ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, "Рух Ордо" маданий борбору менен таанышып, кемеге түшүүдө. Андан сырткары, балдарга маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп жатат”, - дейт Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, Чолпон-Атада 17 жылдан кийин 1-июнда “Алтын балалык” реабилитациялык борбору иштей баштап, өлкө аймагындагы жалпы 1800 бала эс алышкан.
Булак: NazarNews.kg