www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров:

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров ушул тапта журналисттерге жыйын өткөрүп жатат.

"Мен бийликке 20дан ашуун кат жибердим, бир катка жооп берген жок! Биздин президентибиз футболду жакшы көрөт эмеспи, эсептен утулду, 20:0", деди Бекназаров. 

Белгилей кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров "иштей албагандыгына" байланыштуу кызматынан кетти деген "ярлык" тагылганы менен 2 жылдын ичинде бийликке бир нече сунуш-каттарын ММКлар аркылуу ачык билдирип келгени белгилүү.

Эске сала кетсек, Азимбек Бекназаров үстүбүздөгү жылдын 5-августунда "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кызматтан алынды" деген чечими менен кызматтан кеткен. 

Ушул тапта жогорку "мазактаган" Жарлык карышкыр саясатчынын азуусун кайратып турат. Эми атактуу саясатчынын өмүр жолуна кедергисин тийгизген терең ойлонулбай чыгарган Жарлыктын кесепети кандай болот, күтө туралы. 

Баса, 2020-жылы 8-октябрда Садыр Жапаровду Азимбек Бекназаров бата берип такка олтургузган. Азимбек Бекназаров ар дайым чындыктын айынан бийликтен сүрүлүп чыгып, оппозиция тарапта кала бергенин жакын саясий тарапташтары айтып келишет. 

Алсак, белгилүү саясатчы, калкка "бульдозер" лакап аты менен таанымал. Бир нече саясый китептердин автору.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости