www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-августта, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров журналисттерге жыйын өткөрүп жатат.
Жыйын учурунда Азимбек Бекназаров жылдар бою чечилбей келе жаткан чек ара маселесине токтолуп, азыркы бийликтин чек араны чечүүгө күчү жетпестигин айтты.
"Чек ара маселесин дагы 20 жылга токтотушубуз керек. Анткени азыркы бийлик аны чече албайт. Көп жылдар бою создуктурулуп келе жаткан бул көйгөйдү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликтен кеткенден кийин көтөрсөк болот. Балким, бул бийлик кеткенден кийин жаңы күчтүү кадрлар келиши мүмкүн", - деди Бекназаров.
Ал эми NazarNews'тун журналистти берген "20 жыл аралыгында чек ара маселеси дагы да курчуп, чыр чатак чыгып кетпейби" деген суроосуна:
"Биз чек ара маселесинде бизге кепил боло ала турган өнөктөштөрдү табышыбыз керек. Ал өлкө - Орусия. Анткени, Кыргызстан ШКУ менен ЖККУга мүчө мамлекет. Бул аралыкта биз чек арабызды бекемдөөгө жетише алабыз", - деп жооп берди.
Булак: NazarNews.kg