www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Батыш мамлекеттери токчулуктун айынан эмне кыларын билбей, Марстан топурак ташып жатканда, миллиардаган адамга дан жетпей ачарчылык каптаган турат. Үч миллиарддан ашык калкы бар чыгыш өлкөлөрү Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунда жолугушту. Эмнегедир Батыш өлкөлөрү өз каалагандарынын барын тартып алып, өзүм билемдикке салып жаткандай. Чыгыш өлкөлөрүнүн бул форумунда 160 келишимге кол коюлуп, Батышты көздөй аылып жаткан газ, мунайзат Чыгышты көздөй бурула тургандай. Бул форумда Орусия президенти Путин кеңири сөз сүйлөдү. Дүйнөдө азык-түлүк тартыштыгын 345 миллион адам сезип жатат, 2019-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү деди РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык сессиясында сүйлөп жатып.

"Азык-түлүк, энергоресурстар жана тиричилик үчүн баалуу болгон товарлардын тартыштыгына кабылган жакыр өлкөлөрдүн көбү үчүн глобалдуу рыноктордогу баанын өсүшү кадимки эле трагедия болушу мүмкүн. БУУнун маалыматы боюнча, эгерде 2019-жылы жер жүзүндө 135 миллион адам тамак-ашка жетпесе, бүгүнкү күндө алардын саны эки жарым эсеге өсүп 345 миллион болду. Бул абдан эле үрөй учурган нерсе", — деген Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Батыштын Москва энергетикалык экспортун "курал" катары пайдаланып жатат деген айыптоолорун четке кагып, Орусия мунай менен газды дүйнөгө оңой эле сата аларын айтты.

Ал 7-сентябрда Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып, "Түндүк агым-1" газ кууру "иш жүзүндө жабылганын" жана акыркы турбинасы иштебей калгандыктан, ошол бойдон кала берерин билдирди.

Владимир Путин эгер турбина берилсе, орусиялык “Газпром” компаниясы "Түндүк агым-1" аркылуу газ берүүнү кайра жандантарын, кандай гана турбина болбосун ал түз эле Орусияга жөнөтүлүшү керектигин кошумчалады.

"Зарылчылык болсо Орусия "Түндүк агым-2" газ куурун да ишке киргизе алат", - деди ал.

Орусия Украинадагы "аскердик операциядан" эч нерсе жоготкон жок жана келечекте да эч нерсе жоготпойт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди. Путин Орусиянын эгемендүүлүгүн бекемдөөнү негизги ээ болуу деп эсептейт.

"Алдыга умтулууга тоскоол болгон керексиз жана зыяндуу нерселердин баары четке кагылат. Биз темпин, өнүгүү темпин алабыз, анткени заманбап өнүгүү эгемендүүлүккө гана негизделиши мүмкүн. Бардык кадамдар эгемендүүлүктү бекемдөөгө багытталат", - деди ал.

Путин азыр "дүйнөдө да, өлкөнүн ичинде да белгилүү бир поляризация" бар экенин моюнга алды."Бирок мен бул пайда гана берет деп ойлойм", - деп ишенет орус президенти.

Орусия Донбасста жашаган элди коргоо боюнча милдетин аягына чейин аткарып, жыйынтыгында өлкөнүн сырткы саясий позициясын бекемдейт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык VII форумда сүйлөп жатканда айтканы:

"Орусия көптөгөн аракеттеринен соң бул маселени (Донбасстын жашоочуларынын геноциди — ред.) чечүүнү колго алып, каршылаштардын курал менен кадам таштаган кадамына тынчтык жолу менен жооп берүү чечиминде турду. Муну акылга салып жасадык, бардык аракеттерибиз Донбасста жашаган элге жардам берүү үчүн болду. Бул биздин милдет жана аны аягына чейин аткарабыз", — деген ал.

Путиндин айтымында, мунун баары Орусиянын ичинен да, сыртынан да тышкы саясатта позициясын бекемдөөгө алып келет.

Батыш өзүнө гана пайдалуу болгон дүйнөлүк тартипти сактоого умтулуп жатат. Бул тууралуу Орусия лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди.

Президент эл аралык мамилелер системасында тектоникалык өзгөрүүлөр жүргөндүгүн, Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттердин ролу чоңойгондугун белгиледи.

"Буга карабай батыш өлкөлөрү мурдагы, аларга гана пайдалуу болгон дүйнөлүк тартипти сактоо, башкаларды өздөрү ойлоп чыккан чуулгандуу эрежелерине баш ийдирүүгө умтулуп жатышат. Анткен менен алар тартипти бузуп, эрежелерди өздөрүнө пайдалуу кылып өзгөртүп алганга аракет жасап келишет", — деген Путин.

Анын айтымына караганда, Батыштын башка өлкөлөрдүн тартибине көнбөй, моюн толгошу батыш элиталарынын өзүнөн чыгып, саясий жана экономикалык багыттагы алысты көрө албаган, авантюралык чечимдерди кабыл алууга түртүп жатат.

"Бул чечимдер ошол эле батыш мамлекеттеринин жарандарынын, элдеринин кызыкчылыктарына каршы келип жатат", — деген Путин.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости