www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Азимбек Анаркулович, “Кумтөр” алтын кени боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөнүн Сиздин кабарыңыз барда, коомчулукта ал комиссиянын түзүлүшүнө, айрыкча анын төрагасы А.Жапаров боюнча ар кандай пикир жаралууда. Сиз көп жылдан бери А.Жапаров менен үзөңгүлөш жүргөнсүз, “Кумтөр” алтын кени боюнча кылмыш ишин козгогонсуз? Аны мамлекетке алуу боюнча бир эмес эки жолу элдик демилге менен мыйзам жазып, бирок парламенттен өткөрө албаганыңызды да билебиз? Деги эле кезектеги комиссияны түзүүнүн кереги бар беле?

--“Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн бул комиссия: мамлекеттик, парламенттик жана коомдук деп баарын бөлбөй санаганда, 1992-жылдан тартып түзүлгөн 8-комиссия болуп эсептелет. Мында Өкмөттүк, ведомстволор аралык айрым комиссияларды кошкон жокмун. Бардык комиссиялар статусуна карабай, Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн бардык келишимдерди, айрыкча 1992- жылы декабрдагы Башкы келишимди, анын 1994-жылы май айындагы оңдоп түзүлгөн вариантын 2002-жылы Кумтөрдү реструктуризация кылуу, 2009-жылы Жаңы шарттардагы келишимдерде Кыргызстандын «кызыкчылыгы бузулган, коррупциялык келишимдер» деп аныкташкан. Кумтөр алтын кенине байланыштуу күнөлүүлөр: президенттерден тартып, «Кыргызалтындын» чиновниктерине чейин аттары аталган. Кыргызстанга келтирилген материалдык, моралдык, экологиялык зыяндардын өлчөмү келечекте дагы келтириле турган зыяндын болжолдуу өлчөмүнө чейин такталып жазылган. КРнын кайсы мыйзамдары бузулганы, мурдагы “Камеко”, азыркы “Центерра” компаниялары мыйзамсыз кандай салыктардан бошотулганы, ар кандай кырсыктардан канча адам майып болгону, химиялык уу заттардан канча адам жабыркаганы, айтор бүт ийне-жибине чейин такталган. Документтери Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн архивдеринде сакталуу. Өзүнчө китеп болуп чыкканы канча... Жогорку Кеңештин чыгарган чечимдеринин негизинде 2005-жылы март революциясынан кийин апрель айында үч кылмыш иши козголгон. Тийиштүү адамдардын 50 пайызы суралып бүткөн. Анан токтотулган. Ушулардын баарын санап олтурсам жаңы комиссияны түзүүнүн кереги жок болчу. Андан көрө ошол кылмыш иштерди жандандырып же калыбына келтирип, Акаевди, Бакиевди, Танаевди, Усеновду, Максим Бакиевди, Елисеевди ж. б. чет өлкөдөн алдыртып, калганы Кыргызстанда баарын сурак кылып, Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн келишимдер коррупциялык келишим экенин, аны түзгөндөр башынан эле Б.Бирштейндин түзгөн схемасы менен кол коюшканын, айрыкча 2002-жылы келишим менен Кыргызстандын үлүшүн 13 пайызга түшүрүү, андан кийин эл аралык уюм эмес, жөнөкөй коммерциялык компания “Центерра” менен 2009-жылы «эл аралык келишим» статусун берип, биздин Конституциядан бийик турган, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген коррупциялык схемалар менен түзүлгөн, азыр буза албай жүргөн келишимди түзгөндөрдү, кол койгондорду, добуш бергендерди, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн ар биринин аракетине укуктук баа берилсе, эч ким «быш» деп Кыргызстанды эл аралык сотко бере албайт.

«Кыргызстанды эл аралык сотко берип миллиарддарга жыгат» деген коомчулукту тынчытуу үчүн атайын чыгарылган пропаганда. Кумтөр алтын кениндеги түзүлгөн коррупциянын аталары, Кумтөрдү колдон чыгарбоо үчүн бир гана коррупциялык келишимдерди түзгөн эмес, алар бийликте көпкө жүрө турган, келечекте бийликке келе турган, алардын ырын ырдай турган саясатчыларды, саясий партияларды ММКларды, БОУ ды, кошо даярдап, аларга ар кандай жардам берүүнү жана өздөрү үчүн иштетүүнү да унутушкан эмес. Ушулардын баарын укуктук жол менен эгерде биз далилдесек, аларды эл аралык сотко, айрыкча АКШга биз беребиз. «Бизге Көлбаевди, Шадиевди, Матраимовду эле эмес, буларды камоого да жардам бергиле» - деп. Кыргызстандын кең-байлыктарындагы коррупция азыр дың бойдон турат. Азырынча Ташиевдин колу АКШ атаган байлардан бошобой жатат окшойт.

Ооба Акылбек Жапаров экөөбүз көп жылдан бери үзөңгүлөш экенибиз чын. Бирок саясатта аркы бет, берки бет болуп жүрдүк. Ал менден жаш болсо да, акылдуулук кылып, ар дайым бийлик тарапта жүрөт. Биз оппозициялык маанайдагы депутаттар, 2002-2003-ж.ж. “Кумтөр” боюнча түзүлгөн Реструктуризация келишимин буздуруу үчүн маселе көтөргөнүбүздө, ал Акаевди колдоп, ага «Ак-Шумкар беришибиз керек» - деп чыккан. 2007-жылы Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссияда Атамбаевдин Өкмөтүндө мүчө катары жүрүп, кийин 2009-жылы кол коюлган жаңы шарттардагы келишимди түзүүдө Л.Хоменюк экөө чоң роль ойногон деген сөз бар. Себеби 2010-жылы апрель ынкылабына чейин К.Бакиевди «Вашу превосходительство» деп жүрбөдүбү?!..

--“Кумтөргө” карата түзүлгөн комиссиянын курамынан кандайдыр бир катачылыктар кеттиби?

2013-жылы Ата-Журт фракциясы Кумтөрдү көтөргөндө, ал Атамбаевдин ырын ырдап каршы жүргөн. Жээнбековдун заманында А.Жээнбеков менен “хан куда” болгусу келип, Атамбаевди каралаган депутаттардын башында жүрдү. Анан... минтип С.Жапаровко кеңешчи, аны «Кыргыздын ханы» - деп жарыялап да жиберди окшойт. Ушуларды билген кандай гана адам болбосун «Карышкырга кой кайтартыптыр» - деп ага каршы болот да. Анын азыркы комиссияга төрага эмес, мүчө болгонго да моралдык укугу жок. Анткени “Кумтөр” боюнча чындап тергөө иши башталса, ал жок эле дегенде күбө катары өтө турган катыштыгы бар адам. “Кумтөр” мафиясын же оферасын жакшы билген, “Кумтөр” үчүн күрөшүп жүргөн азыркы президентибиз, айрыкча кең-байлыктарга келгенде мурдагы бардык президенттердин кетирген негизги төрт катасын кетирбейт го деп ишенем. Ал катачылыктар төмөнкүлөрдөн турат:

-“Мурдагы президенттер бийликке жеткенге чейин Кумтөрдү мамлекетке кайтарам” деп келип эле, анан президент болоору менен мурдагы сөздөрүн унутушканы;

Экинчиси, ушул маселеде А.Жапаровго окшогон ар замандын «өтө акылдууларынын» кеп-кеңешинен чыкпай калышы;

Үчүнчүсү, чет өлкөнүн лидерлери жана ишкер-бизнесмендери менен жолугушууда, элдин менчиги болгон кең-байлыктарыбыз боюнча жеңил-желпи убадаларды берип салышы;

Төртүнчүсү, бардык Конституцияларда «жер жана анын кең-байлыктары мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө туруп, жалпы элдин кызыкчылыгында иштетилиши бекитилгенин» унутушу. Булардын баарын азыркы президентибиз ичинен жакшы билет. Ошон үчүн катачылыкка жол бербейт деп жатам.

--Рахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости