www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 5-мартта 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Кыргыз Республикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу» аталышындагы конференция өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чараны Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгы менен Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдындагы Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин катчылыгы биргелешип уюштурган.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Жыйын маалында гендердик теңчилик менен катар аялдардын коомдогу жигердүүлүгүн арттыруу, анын ичинде саясий-экономикалык, социалдык-маданий багыттардагы көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын катышуусун камсыздоо маселелери талкууланды. Андан тышкары саясаттагы, ишкерликтеги жана миграциядагы аялдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан жагдайлар тууралуу сөз болду. Муну менен катар аларды чечүү жолдору айтылып, ар кандай сунуштар берилди.
Булак: NazarNews.kg