www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Сот системасы мамлекеттин ичиндеги өзүнчө эле мамлекет болуп алды”, - деди бүгүн, 5-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине Кыргыз илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү Жамин Акималиев.
-Жамин агай, тартип комиссиясы бир канча айдан бери толгонуп атып, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук бериптир. Эми кезек сотторго да келдиби?
-"Эми кезек сотторго да келдиби" – деп сиз туура суроо берип жатасыз. Анткени себеби, соттор чыгарып жаткан адилетсиз чечимдер элди кыйнап бүттү, анын шорун кайнатууда. Сот системасы мамлекеттин ичиндеги өзүнчө эле мамлекет болуп алды. Булар "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген принципке өтүштү. Карапайым элди сезмек тургай, чымындай да көрүшпөйт. Ушундай учурда сот системасын түп тамырынан өзгөртүү жана жаңыртуу күн тартибине келип жетти. Менин оюмча жергиликтүү сотторду азыркыдай Президент дайындабай, эл түздөн түз, эркин жана жабык добуш менен шайлашы керек. Башкача айтканда, соттор элдин элегинен өтүп атаандаштыктын негизинде шайланышы зарыл. Ошондо гана соттор өзүнүн жоопкерчилигин сезип, эл менен эсептешет жана адилетсиз чечимдерди кабыл алуудан чочулай баштайт. Кокусунан, кудай андан сактасын, эл толкуса, ага азыркы иштеп жаткан соттор түздөн түз күнөөлүү болушат. Себеби, аларга эл аябай нааразы жана кыжыры кайнап турган кези, - деди Жамин Акималиев.
Булак: NazarNews.kg