www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 7-апрель мамлекеттик куралдуу төңкөрүлүш күнү. Мындан 13 жыл мурун так ушул күнү аянт канга бөлөнгөн. Революциянын башында тургандардын бири, учурда камакта жаткан Азимбек Бекназаров NazarNews маалымат агенттигине апрель окуясы тууралуу маек берди. 

— Азимбек Анаркулович, 2005-жылы март, 2010-жылы апрель окуяларынын күндөрү эскерилип жатат. Сиз ошол эки окуянын тең "бульдезору", "мотору" деген эл берген лакабыңыз бар. Аларды уюштуруп башында жүргөнсүз. Айтыңызчы ошол окуялар эмне себептен чыккан? Кыймылдаткыч күчтөрү, башчылары кимдер болушкан?

— Биринчиден алар "окуялар" эмес, элдик революциялар болгон. Революциянын чыгыш себеби ошндо өлкөдө, коомдо революциялык кырдаал түзүлгөн. Кырдаалды бийлик өзү түзгөн же жогоркулар элди мурдагыдай башкара албай, төмөнкүлөр (эл) бийликтин саясатына мурдагыдай макул болбой калган. Ушундай кырдаал түзүлгөндө, аны бийликтин оппозициясы пайдаланган. Революциянын үзүрүн, ошол мезгилде, капысынан пайда боло калышкан адамдар көрүштү. Кыргызстандагы эскерилип жаткан эки элдик революция тең, ошол революциялык мыйзам алкагында ишке ашырылган. 2005-жылы март жана 2010-жылы апрель элдик революциясынын кыймылдаткыч күчү болуп, Кыргызстандын эли эсептелген. Ошон үчүн элдик революция - деп таанылган. Башчылары болуп, 2005-жылы март революциясында Кыргызстан элдик кыймылында (КЭК) 2010-жылы апрель революциясында Бириккен элдик кыймылына (БЭК) биригишкен саясий күчтөрдүн лидерлери эсептелген.

— Макул дейли, анда революциялардын максаттары эмне болгон? Ошол максаттары ишке аштыбы?

— Кыргызстандагы эки элдик революция тең өз максаттарына толук жеткен жок. Максаттары окшош болгон, алар: 

- Кыргызстанда мыйзам, кудай алдында бирдей тең укукта жашаган эркин коом, укуктук мамлекет куруу: 

- Конститутцияда бекитилген адам укуктары менен эркиндиктерин, сөз, ой-пикир эркиндиктери урматталган өлкөнү, коомду бекемдөө: 

- Акаев, Бакиевдердин жакындарынын үй-бүлөлүк башкаруу режимин сындыруу, демократиялык бийликти бекемдөө;

- Өлкөнү жана коомду коррупциядан тазалоо, уурдалган элдик байлык менен бийликти калыбына келтирүү болгон;

- Бийик элди эмес эл бийликти көзөмөлдөгөн демократиялык бийлик бутактарын Кыргызстанда биротоло бекемдөө ж.б. болгон. 

Бирок эки революциянын көптөгөн максаттары дароо, көзгө көрүнөрлүк тездик менен ишке ашпаганы менен, айрым максаттары ишке ашырылды. Мисалы, эгерде эки революция болбогондо азыр Кыргызстанды "эки дос" эмес акаевдин же Бакиевдин балдары Азербайжандагыдай же Түркмөнстандагыдай жолдор менен бийликке келип башкарышмак. Бизде бийлик тынчтык жолу менен, эз мезгилинде алмашып туруусу калыптана баштады. Узурпатор, ууру президентердин өз жакындарына бийликтин өткөрүп берүү максаттары ишке ашкан жок. Мындан сырткары 50дөй объект улутташтырылган. Бул башка жеңиш! 

Мен ойлойм: "кыргыз элинин канындагы эркиндик жоголбосо, эки элдик революциянын калган максаттары да ашырылат" - деп. Бирок, тилекке каршы, каныбыздагы ошол эркиндик, баатырдык мүнөз жоголуп, анын ордун кулчулук, кошоматчылык, маңкурттук, оокатчылдык намыссыз сезимдер ээлеп баратканы өкүндүрөт. 

Биз ушундай улуттук менталитетибизге каршы сырттан импорттолуп келип, ичтен колдоого алынып жаткан саясаттарга каршы турбасак, азыркы аалдамдашуу процесси жүрүп жаткан мезгилде, өз жерибизде эле калып, бир күчтүү өлкөнү, элдин "кулу" болуп калышыбыз мүмкүн.

Ааламдашуу заманында курсактын ачкачылыгы (экономика) экинчи орунда калып, жан дүйнөнүн, улуттук намыстын ачкачылыгы биринчи орунга чыгып, мамлекет менен элдердин тагдыры чечилет! 

Эки революциянынын тең жеңишин, элибиз ишенчээктик кылып, уурдатып коюшту. Элдин жеңиши менен бийликке келишкен президенттербиз тез эле революциядагы үзөңгүлөштөрүн өз жакындарына, ПКАССчыларга алмаштырып, революциянын максаттары ишке толук ашпай калды.

— Сиздер түрмөдө жаткан Кемпир-Абадчылар, президенттин Кыргызстанды өнүктүрүү, элдин биримдигин чыңдоо максатында, мурдагы президенттерди "бир муштумга" бириктиргенине катуу каршы чыктыңыр? Себеби эмнеде?

— Биз ошол Кайрылуунун башында: "Кыргызстанды өнүктүрүү, элдин биримдиги үчүн реалдуу жүргүзүлгөн саясаттарды, сүйлөшүүлөрдү, бирикмелерди колдойбуз" - деп. Биригүүнүн башкы маселеси, баары биригип кете алабы, кеп ошондо....

— Мурдагы президенттердин кимисинин кандай кызыкчылыгы бар, айта аласызбы?

—  Мисалы, Акаев менен Бакиев кандай гана жол менен болбосун акталып, реаблитация болуп Кыргызстанга келиши керек:

- Отунбаевага эптеп эле "экс-президенттердин" катарында жүрсө болду:

- Атамбаевге ар кандай түзүлгөн кырдаалды пайдаланып, түрмөдөн чыгып, толук акталышы керек:

- Жээнбековго "экс президент" деген статусун сактап "эрегишкен" Атамбаевден кечирим сурап, жарашуу кызыкчылыктары бар. 

Ошон үчүн баары "бир муштумга" биригишти. Жыйынтыгында "биригүү" ишке ашпай калды окшойт.

—  Ушул биригүүдөн ким утту, ким утулду? 

— Албетте Акаев, Атамбаев, Жээнбековдорго кандайдыр бир деңгээлде утуш болду. Мындан сырткары ушул жолгушуудан кийин "эки достун" бийлигинде жарака кеткендей болду.

— Ммм...кандайча жарака кетти деп ойлойсуз. ...

— Түрмөдө отурган адамдын көзү менен караганда Жапаров-Ташиев тандеминде, мурдагыдай биримдик жок. Аны ар кимиси өздөрүнүн теле каналдары аркылуу, фейктери, ага-инилери, эже-карындаштарынын ооздору менен бирин жамандатып, экинчисин мактатып, коомчулукка, элге пропогандалап жатышат. 

Жакында эле Ташиевди коргоо комитети түзүлгөнүн, "күзүндө мөөнөтүнөн мурда перзиденттик шайлоо болот" - дегенди коё беришти.Тандемдеги жарака, ошол мурдагылардын биригүүсүнөн кийин күч алды.

— Сиз убагында Жапаров-Ташиевди колдогула - деп ачык айтып, колдоп жүрдүңүз эле? Азыр позицияңыз кандай? Негизи ар бийликти колдойсуз, адаттагыдай четтеп кала бересиз. ...

— Түрмөдө жатып тандемдин бузулуп жатканына сүйүнүп жатасызбы дегиң келди окшойт. Жок, тандемдин бузулуп жатканына, түрмөдө ошолордун буйругу менен мыйзамсыз олтурсам да каршымын. Шайланган мөөнөтүнүн аягына чейин иштесин. Иштей албаса Жээнбековго окшоп тынч кетсин! Себеби чыныгы мекенчил саясатчыга Кыргызстандын бүтүндүгү, элдин ынтымагы, өлкөдөгү стабилдүүлүк баарынан өйдө болушу керек. Азркы мезгиде Кыргызстандын стабилдүүлүгү Жапаров-Ташиев тандеминде турат. Албетте бул тандемдин бузулушун каалаган ички-тышкы күчтөр адбан көп. Ага өздөрү дагы күнөөлүү болуп калышы мүмкүн. "Мурдагылырды бир муштумга" бириктиргендин ордуна, өздөрү бир муштумда мурдагыдан да бекем турушу керек болчу. Эми да кеч эмес, акылдарына келип, орозо айында өз ара эсептерин, таарынычтарын досторчо такташып алышы абзел. Болбосо экөөсүнүн бири да утуучу болбойт. Бири-бирине карата компроматтары көп. 

Муну мен: Бакиев-Бекназаров ака-үкө мамилелеринин, Бакиев-Кулов тандеминин бузулуштарын көргөн киши катары айтып жатам. Бул тууралуу Ташиев үкөмө эскертүү катары бир жарым жыл мурда айткам. "Президент Жапаров бүгүн сага бир эле дос эмес, ал мамлекет, өкмөт башчысы, башкы кол башчы, Конституциянын кепили ага ошол статусуна жараша мамиле кыл" - деп. Кыргызстанды Кокон хандыгындай башкарып жаткан президентибиз, Кокон ордосунда бийлик үчүн атасын баласы өлтүрүп, агасы-инисин өлтүрүп такка келгенин эсинен чыгарбашы керек. Бийлик кумары ушундай!

Ким билет Жапаров-Ташиев тандеми жөнүндөгү фейктер, алардын өздөрү тарабынан атайын чыгарылып жатышы да мүмкүн. Эки дос бул жагынан мастер экенин эки жарым жылдан бери көрсөтүп жатышпайбы. Ылайым фейк эле болсун. Эгерде чындап эле тандем бузулуп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болсо утуучусу болбойт. Экөөсү тең утулат. Кыргызстандын башына ошол моментти күтүп жүргөн отуздай экс-премьер-министрлердин акчалуусу келет. Анткени Кыргызстанда премьер-министр болгон адам, президент болгусу келмей адат болуп калбадыбы! Тилекке каршы элибиз кечээгисин унутуп, акчасына добуш бере берет! Түрмөдө олтурсам дагы, адвокатым аркылуу суроо салганыңар үчүн ыраазылык билдирем. Кыргызстандын бүтүндүгүн, элибиздин ынтымагын ыйык Рамазан айында Жараткан жалгыздан суранганды унутпайлы!

— Сизге дагы чоң рахмат, аман-эсен эл катарына кошулуңуз. Бактыңызга инилериңиз Жапаров-Ташиев аман болуп, Сизди күтүлбөгөн жерден камактан чыгарып жиберсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости