www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өздөрүн элдин каймагы катары сезип алган кыргыз саясатчылары, (аларды эч ким каймак дебесе деле) алардын дээрлик көпчүлүгү өздөрүнүн ошол чоң саясатта канчалык «принципиалдуу» экенин коомчулукка жакшы эле көрсөтүштү. Ошондуктанбы, «бийликтин бекем тиреги бекем принциби жок адамдардан куралат тура» деген кептер да азыркы тапта афоризимге айланып кетти. Жашырганда не, акыркы учурларда элдин чоң контингенти принциби салфеткадан да жука андай саясатчы сөрөйлөрдү жек көрүү менен карап калышкандары эч кимге деле сыр болбой калды.
Мындай терс баа айрыкча Кыргыз парламентинин учурдагы курамынын дарегине өзгөчө айтылып келет. Чынында эле алар «элдин кулу болом» дешип убагында эмне деген гана убадаларды айтышпаган. Кезинде Сапар Исаков «парламентте 120 өлүк олтурат» деп ачуу айтылган салыштырмалуу пикири да турмуш чындыгына айланып баратканын башкача нукка бурууга мүмкүн эместей болуп калды.
Парламент демекчи, айтылуу Азимбек Бекназаров жакында болгон «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» көрсөтүүсүнө катышып ар кыл өңүттөгү көптөгөн суроолорго жооп берди. Журналисттер тарабынан берилген ал суроолордун арасында парламент тууралуу суроолор да суурулуп чыкты. Анда, саясатта көптү көргөн Азимбек Анаркулович жаңы Баш мыйзам боюнча бүгүнкү Жогорку Кеңеш болуп көрбөгөндөй өтө чоң статуска ээ экендигине карабай, ал тургай эл өкүлдөрү президенттикинен да чоң укукка ээ экендиктерин айтып, тилекке каршы ал укуктарды депутаттар эл үчүн эмес, көп учурда өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат деген маанайдагы пикирин айтуу менен, «азыркы парламентте элдин өкүлдөрү жок, ал жерде акчанын, бийликке жагынуунун өкүлдөрү олтурушат» деди.
Да-аа... Бекназаровдун мындай салыштыруусу ташка тамга баскандай эле аныктама болду окшойт.
Булак: "Айгай"