www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өтө турган Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) атаандаштары белгилүү болду.

Маалым болгондой, мелдеш 7-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтөт. Тыныбекова күрөшкөн 62 кг салмакта 11 балбан кыз күч сынашат. Алардын арасында былтыр Азия чемпионатынын финалында жана дүйнө биринчилигинин жарым финалында Айсулуу Тыныбекованы уткан дүйнө жана Азия чемпиону Нонока Озаки бар.

Ошондой эле, бул мелдешке монголиялык Оркхон Пуревдорж катышат. Ал 2018-жылы Индонезиядагы Азия оюндарынын финалында Айсулуу Тыныбекованы утуп, алтын байгеге татыган. Кийинчерээк ал кызытма колдонгону аныкталып, Оркхон Пуревдорж мелдештерден четтетилген. Ал эми, Азия оюндарынын алтыны Айсулуу Тыныбековага берилген.

Азия чемпионатында 62 кг салмакта күрөшө турган балбан кыздар:

Сяоцзюан Луо (Кытай)
Сонам (Индия)
Нонока Озаки (Япония)
Ирина Кузнецова (Казакстан)
Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан)
Субин Жо (Корея)
Оркхон Пуревдорж (Монголия)
Сачини Верадуваге (Шри-Ланка)
Син Пинг Пай (Кытайлык Тайбэй)
Дилфуза Айымбетова (Өзбекстан)
Ан Тует Тран (Вьетнам)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости