www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австриянын оппозиция өкүлдөрү, оң-улуттук австриялык эркиндик партиясынын (АЭП) депутаттары Украинанын президенти Владимир Зеленский видеотрансляция аркылуу сүйлөп жатканда парламенттин залынан чыгып кетишти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал сөзүн баштаар замат партиянын өкүлдөрү ордунан туруп имараттан чыгып кетишкен.

Украин тилинде сүйлөгөн Зеленскийдин кеби австриялык телеканалдар аркылуу котормосу менен көрсөтүлгөн.

Буга чейин РИА Новостинин кабарчысы бүгүн эртең менен парламенттин имаратынын алдына эл чогулуп, бийликтен Украинадагы чырды дипломатиялык жол менен чечүүнү талап кылышканын билдирген.

АЭП лидери Герберт Кикль анын бирикмесинин өкүлдөрү үчүн Зеленскийдин кебинин "австриялык нейтралитет менен эч кандай байланышы жок" экенин журналисттерге билдирди.

"Австрия эркиндик партиясынын" Федералдык жыйындын төмөнкү палатасында 30 өкүлү (183түн ичинен), Улуттук кеңеш менен Федералдык кеңештин жогорку палатасында 16 (61ден) өкүлү бар.

Последние новости