www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүнө коррупцияга айыпталып жатышкан А.Ш.Атамбаев, И.Ы. Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдердин кылмыш иши келип түшкөн.

Соттун 2019-жылдын 7-октябрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 270-беренесине ылайык бул иш боюнча алдын ала угуу күнү белгиленген (Кыргыз Республикасынын ЖПК 270-беренесине ылайык сот өзгөчө оор кылмыштар боюнча; бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароого байланышкан маселелерди чечүү үчүн алдын ала угуу жүргүзөт жана алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн учурдан тартып 10 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш).

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесине ылайык, алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык сот отурумунда судья тарабынан жүргүзүлөт.

2019-жылдын 11-октябрында өткөн алдын ала угуунун жүрүшүндө айыпталуучу А.Ш. Атамбаев сот отурумуна келүүдөн баш тарткандыгынан улам сотко алынып келинбегендигине байланыштуу алдын ала угуу 14-октябрь саат 14:00гө жылдырылган.

Бүгүн, 14-октябрда, айыпталуучу А.Ш. Атамбаев сотко келүүдөн дагы баш тарткандыктан, алдын ала угуу 15-октябрга жылдырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости