www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда боз үй тургузулду

Зак Боф менен Николь Лопез Портленд шаарынын чекесине көчүп барып, боз үй тургузууну чечишкен. Бул тууралуу жаш жубайлар Bored Panda сайтына берген интервьюсунда айтып беришти.

Жаш жубайлардын айтымында, үйдүн архитектурасы боз үйдөн алынган. Бирок, аны көчүрүүгө болбойт. Боз үйдүн жалпы аянты 86 чарчы метрди түзөт жана аны тургузууга 65 миң доллар (4 жарым миллион сом) каражат сарпталган.

“Бул биздин курулуш жаатында биринчи тажрыйбабыз болду. Буга чейин суу тетиктери, электр тогу, дубалдар сыяктуу нерселер менен иштеген эмеспиз. Каркастарды досторум менен көтөрдүк. Досторумдун көбү керек болсо колдоруна дрель кармап көргөн эмес”, - дейт Зак.

Бофтун айтуусу боюнча, боз үйдү тургузабыз деген идея бир жылдан кийин гана ишке ашкан, бирок курулуш иши көп убакыт талап кылган эмес.

“Баарынан түйшүктүүсү фундамент тургузуу. Аны тургузууга бир нече жума жана 4,5 тонна цемент талап кылынды. Каркастарды тургузууга 3-4 күн кетти. Ошондуктан бул өтө деле оор эмес.

Зак Ллойд Кананын “Башпаанек” деген чыгармасын окуп чыккандан кийин боз үй тургузуу идеясы келгенин айтат. 

“Биз башкача жашоого өтүүнү ойлондук. Мен окуган чыгармада Орто Азиядагы көчмөн калктын колдонгон архитектуранын түрлөрү жана анын курулушунун жолдору берилген”, -дейт Зак.

Жаш жубайлар атайын  YouTube каналын ачып,  үйдүн курулушу тууралуу бардык маалыматты жарыялашкан. Аларга окшоп башка адамдар дагы боз үй тургузгулары келсе, аларга да керек болот деп эсептешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости