www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Саясат – бул менин экинчи сүйүүм” деп билдирген хорватиялык экс-модель Ава Карабатич президенттик шайлоого даярдана баштады. Мындай билдирүүнү ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Президент болуу демилгесин модель өз өлкөсүндөгү бийлик менен элдин ортосунда жаралган кризистен улам бышып жетилгенин белгилеп, ал постунда, "Менин өлкөмдө болуп жаткан жаман иштерге мындан ары көз жумуп кое албайм. Жаштар кетип жатат, төрөлүүнүн саны азаюуда", — де жазган.
Буга чейин Ава сойкулукту мыйзамдаштыруу боюнча демилгени сунуштап келген. Муну менен ал сойкулук кошумча акча тапкан мыйзамдуу кесип катары кабыл алынса, кордолгон аялдарын укугу коргоого алынарына ишенет.
Хорватиянын мыйзамы боюнча, ал өлкөнүн 18 жаштан жогору баардык жарандары президент боло алат. Эгер 10 миң тарапташынын колун топтой алса.
Белгилей кетсек, 31 жаштагы Аве Карабатич — көпчүлүккө ачык сүрөткө түшкөн модель катары таанымал. Ал порно фильмдерге тартылып, мызыка жана реалити-шоуларда дагы өзүн сынаганы белгилүү. Анткен менен өзүнүн олуттуу кесиби - филолог.
Булак: NazarNews.kg