www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын октябрь окуяларынан бери эки жыл өттү. Ал күндөрдө болгон окуяларга тарыхчылар так баасын бериши зарыл. 5-6-октябрда эл мамлекеттин тарыхында үчүнчү жолу президентти кулатты. Элдин кыжырдануусунан жашынып жүргөн президент, митингдин лидерлеринин ортосундагы карама-каршылыктары менен пайдаланып, айрымдары менен ортомчулар аркылуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки күндөн кийин 8-октябрда бийликти кайрадан тартып алган. Бир жумадан кийин, 15-октябрда президенттиктен расмий түрдө баш тартууга аргасыз болгону менен, ал чындыгында бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берген.

Ортодо 9-октябрда бийликти Атамбаев-Бабанов кландары ээлеп кала жаздаган. Шайлдабекова шаңдуу, Ниязов Фарид суктана, Сапар Исаков үмтөтө караган 2020-жылдын 9-октябрында капыстан Атамбаевдин машинасына ок жаңылып, Бабанов баш болуп шымдарын булгап алган боюнча дардалактап жок болушкан. Эгер бийликти алса мамлекет башына Бабанов келмек, мүмкүн убактылуу өкмөт башына Сапар Исаковду алмак, Шайлдабекова БШКга төрайым бойдон калмак да, Калык Султанов президенттин аппаратын жетектеп калмак. Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун Октябрь окуяларына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган адамдарды актаган чечими күчүнө кирди. Жалган жалаа жапкан тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор 271 күн камакта кармашты. Ар түркүн аракеттер болду, бирок сындырган жок.

 Биринчи май райондук соту 28-июнда Октябрь окуяларына айыпталгандарды «кылмыштын курамы жок» деген негизде актаган. Аталган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабановдорго айып тагылып, Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелген.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн.

Алар 9-октябрда "Медиа Форум" имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген. 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган болчу.

Бабанов 2020-жылы 9-октябрда башаламандык уюштурганда таластыктар Атамбаевди кошуп ала туралы, бийликке жетер менен ыргытабыз деп сүйлөшүп жаткандары видеого чыгып элге тарап кеткен. 2020-жылы октябрь башаламандыктары болуп, кыргыз элин бир дүрбөтүп алган. Ошол кезден башталган кымбатчылык тормоз берип, токтобой келатат. Башынан баштайлы 2005-жылдагы март революциясы он беш жылдан бери топтолгон ички буктардын жыйындысы катары бийликке сес көрсөтүп коюу, акыры барып бийликти алмаштырууга туура келген. Ал эми 2010-жылы апрелде бийлик алмаштырууга башка себептер болгон. АКШга баш ийбей бараткан Орусиянын Борбор Азияда  өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн АКШнын аскердик базасынын олуттуу кедергиси тийип жаткан. Ошол үчүн Орусия тараптан «Манас-Ганси» базасын Кыргызстандын аймагынан чыгарып жибере турган «кол бала» бийлик керек болгон. Ошол үчүн Орусия бул ишке түз кийлигишкен. Ага чейин мечиттен Рысбек Акматбаевдин атылышы да Орусиялык снайперлердин колунан келген дешкени менен иш жабылып ошол бойдон калган. Рысбек Акматбаев Орусияга таянган кыргызстандык кээ бир саясатчылардын буйругу менен атылганынын изи турат. Бирок, эч ким даап бул ишти аягына чыккан эмес.

2010-жылы апрелде ал кездеги Орусиянын премьер-министри Путин менен оппозиционер Атамбаевдин сырттан тон бычып жашыруун сүйлөшүүлөрү 60 млн доллар киреше алып келип жаткан АКШнын базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу эле. Бюджетке кимдин жаны кейимек эле, 60 млн доллар кирешени Москва берип турмак беле, эптеп аскер базасын чыгарса болду да,  Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң АКШнын базасын чыгарууга кам көрүлүп, Атамбаев президент болгон соң «Ганси» чыгарылган. Атамбаев андан да эреркеп кетип Путинге кыргыз чокусунун наамын берген. Атамбаев камалганда Путин өз чокусун көрсөтүп койду.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Бул шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» сыяктуу партиялар өтүшүп, «Мекенчил», «Мекен ынтымагы», «Чоң казат», «Республика», «Ата-Мекен», «Реформа»,  «Замандаш» сыяктуу партиялар парламентке жетпей калышкан. Үчүнчү революцияны добушка жетпей калгандар чыгарып, Ак үйдү басып алышып өрттөшүп, Бишкекте жер-жерлерде башаламандыкка айланып, каалаган кызматын мародерчулук менен басып алуулар күчөгөн. Мамлекет жок болуу деңгээлине жеткен.

5-октябрь

120 мандат үчүн 16 партия ат салышкан. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча «Биримдик»-46, «Мекеним Кыргызстан» -45, «Кыргызстан»-16, «Бүтүн Кыргызстан» -13 мандат ала турушкан болушат. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар Ак үйдүн алдына митингге чогулушат. Бул күнү кечкисин башаламандык башталат, милиция менен кагылышуулар болот. Эки тараптан тең зыян тарткандар болот. Милициянын машиналары өрттөлөт. «Ишенген кожом сен болсоң, алды-артынан тал карма» -дегендей Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМК жетекчиси Опумбаев житип жок болушат.

6-октябрь

Түнкү саат 1лерге чукул 130 адам ооруканага жеткирилет. Саат 3 төрдө митингге чыккандар Ак үйгө киришет. Саат 5 терде камалып жаткан Атамбаевдер бошотулат. Камчыбек Ташиев баш болгон топ Садыр Жапаровду бошотот. Шайлоо жараксыз деп табылып, парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков отставкага кетет. Кыйын убакта парламент башы жок калат. Бишкек мэри Суракматов да кызматынан кетет. Анын артынан Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустары жетекчисиз калат. Башаламандык башталат. Ак үйдү, Бишкекти мародерлордон коргоо максатында элдик дружиналарды уюштурулат.

7-октябрь

Көчөдөгү кагылыштардан улам 911 адам жаракат алат. Саат 16-ларда Садыр Жапаровду Кыргызстандын легитимдүү премьер-министри болуп дайындалат. «Ата-Мекен» партиясы ага каршы Тилек Токтогазиевди көрсөтөт.

8-октябрь

Ички иштер министрлиги мамлекет жетекчиси Сооронбай Жээнбековдун жоголуп кеткенин кабарлайт.  Парламентке Мыктыбек Абдылдаев төрага болот. «Ата-Мекен», «Бир бол», «Республика» жана «Реформа» партиялары биригип пресс-конференция өтүп премьер-министрге Өмүрбек Бабановдун талапкердигин түртүшөт.

9-октябрь

2020 –жылдын 9-октябрында камактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Атамбаевден куугунтук көрүп жүргөн мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүшкөн. Атамбаев оодарылган бийлик жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, бул бийликти өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырган.

Андан ары алар жүрүш менен Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына келишкен. Бул топто Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Ирина Карамушкина сыяктуу мамлекетке жакшылыкты эмес жамандыкты каалап тургандар кошулган. Нааразы топко жаш активисттер да аралашкан. 9-октябрь күнү Бишкекте минимум төрт саясий акциялар болгон:

1) Биринчи саясий акция биз сөз кылып жаткан Алмазбек Атамбаев башында турган, көпчүлүгү 6-октябрда камактан жаңы бошотулгандардыкы болгон.

2) Экинчи акция Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактагысы келген Садыр Жапаровдун тарапташтары саясий акция уюштурган.

3) Үчүнчү бийликти капыстан алмаштырышкандардын саясий акциясы болуп жаткан.

4) Төртүнчү түрмөдөн бошотулгандарга жана криминалдык кылмышкерлерге каршы чыгышкан митинги болуп жаткан.

Алмазбек Атамбаевди колдогондордун саясий акциясы «Форум» ишканасында уюшулуп, бийликти ээлеп алыш үчүн Бишкектин Борбордук аянтына келген. Бул жерде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов миңдеген топко келгендерге карата сөз сүйлөшүп, элди бийликти ээлеп алууга багыттаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости