www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Запорожье АЭСин да өзүнө алды

Орусиянын президенти Владимир Путин Запорожье атомдук электр станциясын (ЗАЭС) федералдык менчикке алуу тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу президент кол койгон жарлыкта айтылат, деп жазат ТАСС.

«Орусия Федерациясынын өкмөтү Запорожье атомдук электр станциясынын өзөктүк объектилерин жана аны иштетүү үчүн зарыл болгон башка мүлктөрдү федералдык менчикке алууну камсыздоосу керек», — деп айтылат документте.

Путин өзүнүн жарлыгы менен Запорожье АЭСинин эксплуатациялык уюмунун статусун бекитти.

«Запорожье АЭСин эксплуатациялоочу уюм» акционердик коомуна Запорожье атомдук электр станциясынын объектилерин пайдалануу жана бүткөрүү боюнча ишти өз алдынча же атом энергиясын пайдалануу жагында башка уюмдарды тартуу менен жүзөгө ашыруучу эксплуатациялоочу уюмдун статусу берилсин; жарлыкта айтылат.

Путин Запорожье АЭСин 2028-жылга чейин иштетүүнүн өзгөчөлүктөрүн аныктоону тапшырды. Атап айтканда, АЭСтин коопсуздугун камсыз кылуу, лицензияларды берүү, мамлекеттик жөнгө салуунун аспектилери үчүн финансылык жана башка ресурстарды пайдалануунун спецификалык өзгөчөлүктөрүн Министрлер Кабинети аныктайт жана башка маселелерди чечет.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Украинанын «Энергоатом» өзөктүк энергия өндүрүүчү улуттук компаниясы Запорожье АЭСин толук токтоткондугун жарыялаган.

Айтмакчы, Россия ЗАЭСти марттын башында тартып алган, андан кийин украиналык кызматкерлер станцияда ишин улантышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости