www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн кайра ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып кабарлады.

Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн кээ бир тоолуу жерлерине жамгыр жаабаса, көпчүлүк жерлерде күн ачык болушу күтүлүүдө. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +23...+25 градуска чейин жетет.

Чүй, Талас облустары

Аталган эки облуста тең дем алыш күндөрү жамгыр жаабай турганы айтылды. Күн ачык болуп, Чүйдө абанын температурасы +15...+20, Таласта +19...+21 градусту көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ош облусу менен Баткен облустарында апта аягында жаан-чачын жаабайт. Жалал-Абадда 8-октябрда түнкүсүн тоолуу райондорго жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Ошто абанын температурасы +25...+27, Баткен облусунда +24, Жалал-Абадда +22...+27 градусту көрсөтөт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

8-октябрда Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. 9-октябрда абанын температурасы +14...+19 градус болот дешти. Ал эми Нарында күндүн көзү бузулбай турганын, термометр +13...+18 градусту көрсөтөрүн айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости