www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 5-октябрда Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгынын тургундарынын катышуусунда жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жергиликтүү курултайды өткөрүү жана жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, буга чейин кварталдык комитеттерде өткөрүлгөн жыйында көрсөтүлгөн 40 делегат тандалып алынды.

Эл тарабынан сунушталган 40 делегат 2022-жылдын 26-октябрында өтүүчү Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү курултайына катышат жана көпчүлүктүн добушуна ээ болгон 2 делегат Жалал-Абад шаарынын атынан биринчи Элдик курултайга катышып, республикалык деңгээлде чечилүүчү шаардын көйгөйлүү маселесин көтөрөт.

Алдыда дагы калган аймактык башкарууларда да белгиленген график боюнча жергиликтүү жамааттан делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар өтөт. Анда ар бир аймактык башкармалыктан жергиликтүү курултай үчүн 40тан делегат шайланат.

Эскерте кетсек, курултайга чет өлкөнүн жарандары, соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандар, депутаттар, мурда соттолгондор жана 18 жашка чыга элек жарандар делегат боло алышпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости