www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазылбаган мыйзам боюнча спикер түштүктөн болуш керек эле. Бийликти толугу менен аркалык Жапаровдор ээлеп алган. Эми спикерликке дагы бир аркалык “Жапаровду” алып келсе, бийликти биротоло өкчөп алганы болмок. Ансыз деле Жапаровдордун “аптыркаты” ылдыйлап, колдогондор суюлуп баратканы менен дагы деле жан багарлардын колдоосу бар. "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" фракциялары менен "Элдик" тобу колдоду. Шакиевдин талапкерлиги үчүн 80 эл өкүлү "макул" добуш берсе, алтоо "каршы" болгон. Спикерликке Самыйкожо “самый” “ходжа” койгондо да болмок эмес, анткени ал “ходжа” болгону менен аркалык кожо. Ал эми түштүктө Матраимов, Мадумаров, Турсунбеков, Акаев сыяктуу жулунган жигиттер бар. Мадумаров өткөн жолу Мамытовго каршы чыккан, бирок аны жыдытып салышты, дагы чыкса дагы жыдытышмак. Баса, чычайган мурутчан Талант Мамытовду  "Таке" деген Примов бар. Жогорку Кеңештин өкүлү Улан Примов өзүнүн социалдык баракчасына журналисттер менен тыгыз кызматташкандыгын билдирип, жүрөт. Примовдун сөзү: “Парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуштум. Төрага Таке жана депутаттардын атынан сөз сүйлөп, журналисттердин коом үчүн кылган эмгеги өтө чоң экенин белгиледим. Ар бириңиздерге калкты бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо милдети жүктөлгөн. Айрыкча, демократиялык принциптерге таянган Кыргызстан сиздер менен гана эркин коомду жаратып, адилеттүүлүк менен акыйкаттыкты туу туткан мамлекет катары калыптанары анык. Жогорку Кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы катары журналисттер менен тыгыз кызматташып, дайыма жакындан иш алып барууга кызыкдар. Белгилүү болгондой, сөз эркиндиги коом үчүн чындыкка жетүүнүн куралы. Андыктан, бардык маалыматтардын ичинен чындыкты иргеп, аны коомчулукка так жеткирүү сиздердин калемиңиздерге көз каранды. Бул вазыйпаны чоң жоопкерчилик жана жогорку адискөйлүк менен ишке ашырасыздар деген ишеничтемин, - деп жазган Улан Примов. Жогорку Кеңештин өкүлү Улан Примов "Төрага Таке" дегенине караганда Талант Мамытов төпөштөп койгонбу?  - деген суроо жаралды. Чычайган мурутка караганда ушулар мээсин өстүрсө жакшы болот беле? 

Парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин, 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты. Жомокто төрт Мамыт бар: куюн Мамыт, сөз ташыгыч Мамыт, калдаң кулак Мамыт, жер чукур Мамыт. Ушул төрт наамга тең эгедер спикер Мамытов Бээжинге барып бээжиреп келген. Ал жерде Кытай - Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү. Ачылыш аземинде  Жогорку Кеңештин экс - төрагасы Талант Мамытов форумдун ардактуу коногу катары видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөдү. Экс-төрага - Кытай менен кызматташууга Кыргызстан артыкчылык берээрин баса белгилеп, кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан коюлган Глобалдык өнүгүү демилгеси жана Глобалдык коопсуздук демилгеси сыяктуу маанилүү концепцияларды колдой турганын белгиледи. Ал тараптардын мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгына ишенимин билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү жана заманбап чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу боюнча аймактык кызматташууну, ошондой эле акыркы 30 жылда аялдарды өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен иштердин жыйынтыктарын талкуулашты.
Иш-чаранын соңунда IX Кытай - Борбор Азия кызматташуу форумунун жыйынтыгы боюнча демилге кабыл алынды.
Жакында болуп өткөн Орусиядагы жолугушууда Орусия менен эки тараптуу кызматташуу, дипломатия айдыңындагы маселелерди айтууну мында кой, мигранттардын көйгөйлөрүн коргоодо спикер Талант Мамытов тыңгылыктуу орусча сүйлөй албаса, эл аралык коомчулукка уят болуп атса, аргасыздан баш чайкайт экенсин.
Билим деңгээли пас тура, эмнеге Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланды? Ар бир фракцияда ички-тышкы саясатты терең түшүнгөн, билимдүү, тажрыйбалуу депутаттар бар. Тандоо иретинде алардын бирин көтөрбөдүк. Баягы эле кол «ийрисине тарткан» өзүмчүлдүк менен Мамытовду төргө отургузуп, аягында сырткы коомчулукка кыргыз элин уят кылууга жетиштик.
«Кыргыз парламентинин төрагасы ушундай чайналган байкуш болсо, калгандары аман болсун!» дегендей ишара жаралып атпайбы, туурабы? Эмнеге татыктууларды тандай албайбыз? Сокур саясатка чекит коюлса, балким ушундан улам спикерликтен кеткендир...
Кыргызстандын спикерлери

Орозбеков Абдыкадыр (1927-37); Шамурзин Султанкул (1937-38); Салихов Мурат (1938.02-05); Толубаев Асаналы (1938-43), Токобаев Молдогазы (1943- 45); Кулатов Төрөбай (1945-78), Ибраимов Султан (1978.09-12), Дүйшеев Арстанбек (1979-81); Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981 -87); Акматов Таштанбек (1987-90); Масалиев Апсамат (1990-91); Шеримкулов Медеткан (1991-92); Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97); Myкамбаев Усуп (1997-2000); Матубраимов Алмамбет (1997-1998); Эркебаев Абдыганы (1998-2005); Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005); Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006); Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007); Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007); Тагаев Айтибай (2008-2009); Курманов Зайнидин (2009 -2010); Келдибеков Ахматбек (2010-2011); Жээнбеков Асылбек Шарипович (2011-2016); Турсунбеков Чыныбай (2016-2017); Жумабеков Дастан (2017-2020). Мыктыбек Абдылдаев, Канат Исаев (2020), Талант Мамытов (2020-жылдан 2022 -жылга чейин), Нурланбек Шакиев (2022 жылдан).
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости