www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик карызынын көлөмү тарыхый рекордду жаңылап, 31 триллион доллар чегинен ашты. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдирди.

Тагыраак цифраны АКШнын казынасы келтирет: 31 триллион 123 миллиард 887 миллион 781 миң доллар. Ошол эле учурда Американын башка өлкөлөргө жети триллион долларга жакын карызы бар экени, ал эми 24 триллиондон ашыгы жеке адамдардын карызы экени белгиленген.

Буга чейин Германиянын мамлекеттик карызы 2,3 триллион евродон ашканы маалымдалган. Бул өсүш коронавирустун чектөөлөрү жана пандемия учурунда калкты колдоо чаралары менен шартталган. Максималдуу өсүү федералдык өкмөт тарабынан катталып, жыл ичинде болжол менен 10% га жеткен. Жер карызы 0,4%га, муниципалитеттер 0,6%га өскөн.

Ал арада Европа өлкөлөрүндө инфляция өсүүдө. Ошентип, Улуу Британияда ал 10% га жакын. Эң начар абал Эстонияда, ал жерде инфляция 24%, Латвия жана Литвада 22%дан ашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости