www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги Украинага басып киргендиги үчүн Орусияга каршы санкциялардын кезектеги сегизинчи пакетин жактырды. Анда Москваны олуттуу киреше алып келген товар сатуу булактарынан ажыратуу каралган. Атап айтканда, Орусия Федерациясынын аскердик жана технологиялык, коргонуу жана коопсуздук тармактарынын өнүгүүсүнө салым кошкон товарлардын тизмеси кеңейтилди.

Ошондой эле ал өлкөдөн металл продукциясынын, жыгач, кагаз, машина, жабдыктар, тамеки, химикаттардын ж.б. импортуна чектөө узартылат.

Жазалоочу чаралар орус Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн, Украинанын оккупацияланган аймактарындагы жасалма референдумдарды өткөрүүгө тиешеси бар адамдарды, санкцияларды буйтап өтүүгө катышкандарды бутага алат.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен санкциялар макулдашылганын кубаттады жана Путиндин жасалма рефрендумдарын, аннексияны шаркет эч качан тааныбасын кайталады.

“Кремлдин жоопко тартылышы үчүн аракеттерди улантабыз”, - деп билдирди төрайым.

Мүчө-мамлекеттердин эч кимиси каршы чыкпаса, документ 6-октябрда биртоло кабыл алынмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости