www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Кемпир-Абад Кыргызстандыкы экенин айтты. Ошондой эле ал жерди Кыргызстанга берүү кыргыз жерине компенсация болуп жатканын, ошол жерге суу сактагыч курулганын билдирди.

"Кемпир-Абад Кыргызстандыкы, башка мамлекеттики дегендерди жарандыктан ажыратып, өлкөбүздөн чыгарыш керек!

Биринчиден, азыр кээ бирөөлөр Кемпир-Абад 1965-жылы Өзбекстанга берилип, анын ордуна 5 миң гектарга жакын жер компенсацияланганын айтышууда. Албетте бул болбогон калп! Кыргызстан тоолуу өлкө, айдоо аянты өтө аз. Бүгүнкү суу сактагычтын ордунда бир нече колхоз-совхоздор, ошондой эле Кыдырша, Алчалуу, Тейит, Сүткен, Кызыл-Токой сыяктуу кыргыз айылдары болгон. Өзбек ССРи Кыргыз ССРине берген 4100 гектарга жакын жер Кыргызстандын суу алдында турган 5 миң гектардан ашуун эң асыл жерлеринин ордун толтуруу болуп саналат. Ал эми өз кезегинде плотинанын астындагы, ошондой эле суу астындагы жерлер Кыргыз ССРинин мураскери катары Кыргыз Республикасынын менчигинде кала берет. 60-жылдары Өзбекстандын Кыргызстанга өткөрүп берген жерлери Кыргызстандын аймагына Өзбекстандын инфраструктуралык объектисин курууга УРУКСАТ БЕРҮҮ үчүн шарт болгон, эч кандай аймактарды алмашуу болгон эмес.

Экинчиден, Озбек жана Кыргыз ССР Министрлер Советтеринин биргелешкен токтому менен Озбекстан тарабынан узундугу 200 километрден ашык сол жээктеги Кемпир-Абад каналынын долбоорун ишке ашыруу милдети коюлган, бул Баткендин жерлерин суу менен камсыз кылат эле, ошондой эле Сох суу сактагычы салынмак. Эки объекттин тең курулушу жана аларды Кыргызстанга өткөрүү иштери азырынча ишке аша элек. 57 жыл өттү, бирок Өзбекстан өз милдеттенмелерин аткара элек.

Үчүнчүдөн, Өзбекстан келишимдерге ылайык, суу сактагычтын курулушуна байланыштуу суу астында калууга аргасыз болгон үйлөр,

чарбаларды жерин алмаштыруу процессин каржылык жактан камсыз кылышы керек болчу.

Бирок, Өзбек ССРинен бөлүнгөн каражат өтө жетишсиз болуп, жергиликтүү тургундарга жардам берген эмес, бул Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын мамлекеттер аралык документтеринде жазылган.

Төртүнчүдөн, 1960-жылдары кол коюлган келишимдер боюнча биздин талаалар суу сактагычтан сугарылып, аймактарыбызды суу каптап кеткенде келтирилген зыянды Өзбек ССРи төлөп бериши керек болчу. Бирок суу ташкын болсо Өзбекстан компенсация бербейт, суу сактагычтын астындагы жерлерибизди өткөрүп берүү бизге суу берилбей калышына алып келиши мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, 1965-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстан тарабынан толук аткарылып, Өзбекстан тарабынан иш жүзүндө такыр аткарылган эмес деп айта алабыз.

Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын суу сактагычы 40 жылдан ашуун иштеп, миллиарддаган литр өмүр берүүчү суу пахта тармагын өнүктүрүүгө жана Өзбекстанды байытууга мүмкүнчүлүк түздү, ал эми Өзбекстан 1965 жылкы келишим боюнча алган милдеттенмелеринин 80%га жакынын аткарган эмес.

Бүгүнкү күндө боордош Өзбекстан мамлекети биздин элдин стратегиялык аймактарын 40 жылдан ашык пайдаланып, аткарылбай калган милдеттенмелеринин эсебинен суу сактагычты Кыргызстандын менчигине өткөрүп берсе туура болмок.

Эгерде Өзбекстан буга бара албаса, алар өздөрүнүн суу сактагычын Кыргызстандан чыгарып кетишсин, бирок биз эстен чыгарбашыбыз керек, курулуш башталганга чейин ал жерде суу сактагыч болгон, албетте, анчалык чоң эмес, бирок баары бир биздин республикага таандык болгон, аны калыбына келтиришсин.

Боордош Өзбекстан эли жана эң акылман Шавкат Миромонович түшүнөт, газ, мунай – мунун баары бүгүнкү күндө коңшуларыбызга эбегейсиз чоң каржы алып келет, бирок суу маанилүү, суу – жашоонун негизи, бизде суу бар, көп мамлекетте бул негизги байлык жок, биз Өзбекстан менен ондогон жылдар алдыга суу ресурстарын арзандатуу менен жеңилдетилген келишимдерди түзүшүбүз керек, ошондой эле стратегиялык келишимдерди түзүшүлүшү мүмкүн болот.

Азыр Кыргызстан кыйын абалда турат, боордош Озбекистан, урматтуу Шавкат Миромонович жакшылык кылышса түбөлүк жана бузулбас достук түзүлмөк, бир убакта биздин Кыргызстан Өзбекстан милдеттенмелерин аткара электе эле макул болуп, ушундай жакшылык кылды эле.

Ал эми биздин өкмөттүн кээ бир өкүлдөрүнүн Кыргызстан Кемпир-Абадды 1965-жылы берген башкаларга деген сөздөрүнө келсек, бул жөн эле калп!

Турдакун Усубалиев Брежневдин Рашидов менен достугуна карабай 4100 гектар жаңы жерди алып, кимдир бирөөнүн эсебинен БИЗДИН аймагыбызда эки ири инфраструктуралык объектти түзүп, аны куруп, Кыргызстандын менчигине өткөрүп берүүгө Озбекистанды милдеттендирип пайдалуу келишим түзө алган.

Айтылган эки ири суу чарба объектилери Озбекистан тарабынан салынбаганы менен пайдаланып, өкмөт суу сактагычты биздин менчигибизге өткөрүү боюнча суйлошуулорду жургузсо болот.

Бирок эгемендүү Кыргызстандын бийлиги, Кыргызстандын совет доорундагы бийлиги көз каранды болсо да кылбаган ишин, кылгысы келет экен, тилекке каршы.

Нарынга барып Усубалиевге эстелик тургузуп мактап анан Ошко барып Усубалиев туура эмес кылды дегендиктери бул уят нерсе, маселенин тарыхын изилдеп чыккыла, андай создорду айтпай эле койгулачы, мындай создор Кыргызстандын пайдасына эмес, бирок башка мамлекеттердин кызыкчылыгына иштейт!", - деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости