www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооган башкалаасындагы мечитте 5-октябрда болгон жардыруудан кеминде 2 киши өлүп, 18 киши жараат алды. Бул тууралуу талибдердин өкмөтү маалымдады. Окуя катуу кайтарылган Ички иштер министрлигинин комплексинин жанында болгон.

Мекеменин басма сөз катчысы Абдул Нафи Такордун айтымында, мечитке министрликтин кызматкерлери көп барчу. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек, тергөө жүрүүдө.

Кайрымдуулук менен алектенген италиялык бейөкмөт уюму Кабулдун ооруканаларына 20 киши түшкөнүн, экөө көз жумганын Твиттерге жазды.

Ооган башкалаасындагы окуу жайда 30-сентябрда болгон кол салуу 53 кишинин, анын ичинен 46 кыз-келиндин өмүрүн алган. Мындай санды БУУ келтирди. Ал эми “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү 25 кишинин каза тапканын айтууда. Ал жардыруунун артында ким турганы да белгисиз.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ошол аймакта буга чейин бир нече теракт уюштурган.

Былтыр бийликке кайтып келген талиптер коопсуздукту камсыздоону убада кылып келгени менен акыркы айларда чабуулдар көбөйдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости