www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мектепке үчтөн мечит туура келген биздин мамлекетке диндердин тарыхын окуткан сабактын кереги деле жок болчу. Мындай пикирин Фейсбук колдонуучусу Шабдан Сулайманов калтырган. Ал аталган сабакка арналып чыгарылган китепти сынга алган.

"Буддизмдин негиздерине 4 барак, Христианчылыктын негиздери боюнча 4 барак берилиптир. Калганы бүт эле Исламдын негиздери экен. Мындайча айтканда шариат. "Диндердин тарыхы" деп атоонун негизи деле жок болуптур. 1 мектепке 3төн мечит туура келген биздин мамлекетке бул сабактын кереги деле жок болчу", - деп нааразы Шабдан Сулайманов.

Бул билдирүү боюнча жазуучу Абдымамбет Сариев өз пикири менен бөлүштү.

"Диндердин өнүгүү тарыхы" деп өлкө бийлигин, элди алдап, дүйнөлүк диндердин, секталардын пайда болуу, башка элдерге тарап жайылуу тарыхын жазбай, темадан четтеп, КР Конституциясынын 1-9-беренелерин бузуп, бир динге артыкчылык берип – исламдын негиздерин атайылап жазган авторлорду камап, бул китепти жараксыз кылуу керек! Булар дагы радикал исламчылардан пара алышкан окшойт. Органдар текшерсин!", - деген жазуучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости