www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйыны болуп өттү. Жыйында эки фракция Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунуштады. Эл өкүлдөрү ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар боюнча маалымат укту. Алар 884 миң доллар грант бөлүштүрүүдө ЛГБТга бөлүнгөнүнө нааразы болушту. Эдил Байсалов бул тармакты көзөмөлдөбөй турганын, Глобалдык фонддон бөлүнгөн 29 миллион доллар грант кандай бөлүштүрүлөөрүн билбей турганын билдирди.

Министрлер кабинетине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитет жоюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Депутаттар ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар тууралуу маалыматты угууда. Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева комитеттин иши натыйжасыз болгонун белгиледи: «29 миллион доллардын бир бөлүгү ЛГБТ өкүлдөрүнө кетет. Биз ЛГБТ коомчулугун бекемдеп жатабызбы? Бир топ жылдан бери иштеп жаткан комитет натыйжасыздыкты көрсөтүп келет. Бул акча пайдасыз. Акча бөлүштүрүү боюнча дагы арыз жөнөтүп, комитетти таратуу керек. 29 миллион доллардын ичинен өтө аз каражат дары-дармекке жумшалат», - деди ал. Жылдыз Садырбаева Өзбекстан менен Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрликтери ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек үчүн Глобалдык фонддон каражат алып жатканын билдирди: «Бирок аларда гомосексуалдар тууралуу сөз жок, анткени бул кылмыш иши. Алар бул акчаны алып, натыйжалуу иштешет», - деп кошумчалады ал.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева белгилегендей, комитет мүчөлөрүнүн 30-40 пайызы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү. Эдил Байсалов мындай резонанстан кийин Коомдук саламаттыкты сактоо координациялык кеңешинин алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитет жоюлат деп жооп берди. Ал Глобалдык фонд жана ПРООН менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө убада берди.2011-жылга чейин Глобалдык фонддун гранттарын Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги башкарып келген.

Жогору Кеңештин депутаты Искендер Матраимов парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловго карата агалык кеңешин айтты. Эл өкүлү Эдиль Байсаловдун ашыкча эле өзүнө тиешеси жок иштерге аралаша берген жоругу коомчулукта терс кабыл алынып жатканын кыйытып, агалык насаатын айтып, саясатчы эмес мамлекеттик кызматкер болууга чакырды. Бул тууралуу: "Эдиль Жолдубаевич, сиз өзүңүздү саясатчы катары алып жүрөсүз. Ошону үчүн жок жерден көп сөздөрдү өзүңүзгө алып аласыз. Эртең менен турганда саясатчы катары эмес, мамлекеттик кызматкер катары турсаңыз жакшы болот", - деди. Бирок, жаманга акыл айтса да кулагына кирбейт болуп, 
Искендер Матраимовдун жакшы ниетте айткан сөзү Эдил Байсаловдун куйкасын куруштурду көрүнөт, улам-улам депутаттын сөзүн бөлүп, кайым айтышып, маданиятсыздыгын айгинеледи.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун үй-бүлөсү барбы деп сурады. Мындай суроону ал Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында салды. Байсалов депуттын суроосун жоопсуз калтырды. Андан соң, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Бактыбек Сыдыков андан жооп берүүнү суранды.

– Же суроону түшүнгөн жоксузбу? — деди депутат.

– Түшүнөм, бирок анын ишке кандай тиешеси бар? — деди Байсалов.

Кыдыкбаев буга чейин анын кесиптештери Глобалдык фонд тарабынан ПРООНго бөлүнгөн акча боюнча маселени көтөрүп, бул каражатты Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүүнү сунушташканын айтты.

"Сиз бул сунушка каршы чыккан окшойсуз. Ошондуктан балдарыңыз барбы деп сурайын дегем", - деди ал.

"Бул маселеге келгенде мен сизге кеңири жооп берем", - деди Байсалов.

Буга чейин депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонддун ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражатын бөлүштүрүү маселесин караган комиссияны таркатууну талап кылган.

"29 миллион доллар! Биз мынчалык чоң каражаттардын белгисиз жакка кетишине жол бере албайбыз. Бир дагы бейөкмөт уюм каражаттын сарпталганы боюнча отчет бербейт. Мындан тышкары, БӨУлар каражатты бөлүштүрүүгө өздөрү катышып, өздөрү алышат. Ошол эле учурда, жыл өткөн сайын каражаттарды бөлүштүрүү өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн жок: СПИД жана кургак учук менен ооругандардын саны өсүүдө. Биз комитетти таркатып, жаңы арыз беришибиз керек.

Ар бир адам бул колдонмонун мазмунун билет. Аталган оорулардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү дагы жок. Биз бир жыныстуулардын коомдорун, секс-кызматкерлерди жана башкаларды күчөтүп жатабыз. Бул колдонмонун баары ушуга багытталган. Аталган акчалар эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектердин үзгүлтүксүз форумдарына, ЛГБТ кыймылдарын өнүктүрүүгө кетет", - деген ал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg  

 

 

Последние новости