www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Кубаналиев эгерде бир жыныстуулар үйлөнүп калса, алардын тоюн кантип алып барабыз деп таң калышууда.

"Учурда коомубузда абдан өкүнүчтүү көрүнүштөр болуп жатат. Тагыраагы, эркек менен эркек жана кыз менен кыз үйлөнөт деген. 

Кокус, бизде эркек менен эркек үйлөнүп калса Тынар (ред. Курбаналиев) экөөбүз кайсыл тарабын эркек деп айтабыз? Же болбосо, кудага барганда бизде уул, силерде кыз бар дегенди кандай айтабыз? Бизде уул бар, силерде уул сыяктуу бар экен дейбизби?", - деп Борончу Кудайбергенов тамаша-чыны аралаш суроо салды.

Ал эми куудул Тынар Курбаналиев да бул көрүнүшкө абдан таң калганын жашырган жок. 

"Кыргыз болуп төрөлдүк, кыргыз бойдон өлөлүк", - деди куудул Курбаналиев.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бир жыныстуулар үчүн ар 3 жылда бир жолу 78 миллион сом бөлүнөөрү белгилүү болгон. Бул маалымат коомчулук арасында резонанс жаратып, кызуу талкуулардын аягы сууй элек.

 

Последние новости