www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: 5, 6, 7 орун басарлуу министрлер

Президенттин канча орун басары бар? Вице-президент деген кызмат Феликс Кулов менен биротоло жок болгондон соң, президенттин орун басары жок. Ал эми 5, 6, 7 орун басарлуу министрлер жер жайнап жатат. Кыргызда "көп суур ийин казбайт, ийин казса терең казбайт" деген мыкты макал бар. Мындай көөнөрбөс, мааниси кемибеген кеменгер сөздү, бир гана кыргыз айта алат. Экономика министринин жети орун басары, Финансы министринин 6 орун басары, маданият министринин 5 орун басары бар экени кызуу талкууланып жатат. Көпчүлүк, "министрлердин орун басарлары мынча эмне көп, ашып баратса төрт, болбосо 3 эле орун басар жетмек, эмнеге элдин акчасын үнөмдөө кылышпай, саны бар, сапаты жок кызматтык орундарды өздөрү үчүн ача беришкен, президент айтып түгөтө албай жаткан оптимизация деген ушулбу", - дешип нааразы болушууда. Ырасында, оптимизация кылгандын ордуна ар бир министрлик президенттин ишмердүүлүгүнө атайын собатаж уюштуруп жатышкандай таасир калтырат...

Кыргызстанда орточо айлык акы 10  миң сомдун деңгээлинде, ал эмес 10 миң сом алган адамдарга жакшы айлык алып жатат деп, суктана карашкандар толтура. Ал эми пенсия алгандар айыл жеринде үй-бүлөөнү багуучу адамдын катарына кирет. Айлыгы жок айылдык күч-кубатка толуп турган жаштар ата-энесинин пенсия тие турган күнүн акыйып, үмүт менен карап турат. Ушул эле мезгилде министр Бакетаевдин жакын туугандарын иликтеп көрөлү, булар кеминде 100 миң сом албаган жерде иштебейт, андай айлыгы аз жерге мурдун чүйрүп коюшат. Эгер Кыргызстандыктардын бюджеттен акча алгандардын барына 100 миң сомдон айлык бере турган болсо, анда айлык алгандар Бакетаевди мактап-жактап эле жатып калмак. Аттиң, андай болбой жатпайбы, 100 миң сом айлыкты Бакетаевдин жакындарына буюрган, ал эми эл нанын таап жейби, наны жок калабы министр Бакетаевге бары бир эмеспи.

Ошондуктан, эптеп президент тарабынан мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнү менен Бакетаев бети кызарбай туруп ундун баасын асмандатып жиберген. Анткени, мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү да, анткени, Бакетаевдин жакындары 100 миң сомдон айлык алышып, ундун кымбатташын тоготпойт да. Айыл чарба министри Жаныбеков жалпаңдап ар кимден миллиондогон доллар алып бербей койгон жайы бар экен. Буга ундун кымбатташына эмне шам? Миллиондор менен мылтыңдап жүргөн эргулга ун кымбаттап, элдин капчыгына залал тийип жатканына баш ооруп да койбойт.

 Ундун кымбатташы карапайым элге аткан октой тийип жатат, Бакетаевдин ырлары улам-улам созулуп чыкса, нан аз, элдин ыры азайып баратат. Ортодо ундун кымбатташына сүйүнүп, унубузду кымбат сатып акчага маарыйт экенбиз деген унпуруш олигархтар чыкты, аттиң элди ойлогондор азырынча жок. Бирок, 2023-жылы калп болсо да элди биртке ойлонумуш болуп коюшат. Эгер, жыл жаңырды эми ушул Бакетаевди министр кылып кайрадан койо турган болсо, анда өкмөттөн эл түңүлөт. Бакетаев министр болуп турса элдин шору, анда ырдамак түгүл, ыйлап калышыбыз мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости