www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эки айлык эс алууга кетер алдында Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүүгө аябай далалат жасашты. Бирок аракеттери суу кечпей мыш болушту. 

Дегенибиз, Байсаловдун депутаттарды кагып-силкип "ни ктосуңар" деп тоготпой койгону коомчулукта кызуу талкууланып, эл өкүлдөрүн катуу арданткан. Анан ошол ызаларын чыгарып, парламенттин күчүн көргөзүп, отставкага кетирели деп канчалык чуу салышса дагы, анысын бийлик чиркей чакканчалык көрбөй койду. 

Тескерисинче, Эдил Байсаловго мамлекеттик үчүнчү даражадагы кеңешчи деген чин ыйгарып, депутаттардын супсунунун такыр суутту. 

Ошентип, депутаттардын Байсаловдун кылын кыйшайта алышпай бозала болушуп, эс алууга чыгышмай болду. Анан жаман айгыр өз үйүрүнө тап болушуп, өздөрү менен бирге иштеген Адахан Мадумаровду "чөөлөрдөй" тытмалашса кыйын. 

Тарыхта Жогорку Кеңештин баркы мынчалык түшкөн эмес. Президенттик башкаруунун маңызы кандай болоору депутаттардын мээсине аз да болсо жеткендир.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости