www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Акаев президенттикке ат салышат

«Чабал өрдөк биринчи учат» дейт, «чабал өрдөккө» айланган айланган Акаев  «rambler.ru» сайтынын маалыматына караганда  келе жаткан Кыргызстандагы президенттик шайлоого даярдана баштады. «Rambler.ru» сайтынын жазганына караганда экс-биринчи леди Майрам Акаеванын Кыргызстанга болгон саякаты президенттик шайлоого карата даярдыктар десек жаңылышпайбыз. Акаевди ушул күнгө чейин колдогон жакшы санаалаштары менен Майрам Акаева кийинки президенттик шайлоого уулу Илим Акаевдин талапкердиги тууралуу сөз кылган. Алардын улуу баласы Айдар Акаев баңги заттардын кесепетинен аркы дүйнөгө узаган. Азыр Акаевдердин таянган уулу Илим Акаев президенттикке талапкер болсо, эмки бийлик башындагылардын «тиши оорубайт» бекен? Бир гана Кыргызстан мыйзамды сыйлаган мамлекет, мыйзам боюнча Кыргызстан тышкары жашаган адамдар президенттикке талапкердигин койо алышпайт.

Учурда уулу Илим Акаевди президенттикке түрттө баштаган Аскар Акаев 2003-жылы бүткүл дүйнө жүзү Чынгыз Айтматовдын 75-жылдыгын белгилеп, китептеринин котормолору жүздөгөн мамлекеттерде которулуп, илимий конференциялар, жыйындар, салтанаттуу кечелер, автографиялык-автордук кол коюу аземдери, кино-журналдар жарык көрүп жатса, ал тултуңдап-туталанып Кыргызстанда 75-жылдык юбилейин белгилебей койгон. Анын ордуна Майрам Акаеванын китебин чыгарып туруп алган. Аялынын кетебин асманга чыгарып, көккө көкөлөткөн. Азыр ал китептин дайны жок.

Бир өлкөнүн бир президенти Акаев жалпы планетаны каптаган "Айтматов ааламынан" кадыр-барк талашкан. Эл арасында айтылып жүргөн чындык чыркырабай ачыкка чыксын дедим. Быйыл дүйнөнү дүркүрөткөн аалам Чынгыз Айтматов тирүү болгондо 95 жашка чыкмак. Аны белгилөө алдында турабыз. Айтматов бала кезинен баштап кыйынчылыкты "жеңүүчү" аталат. Кыргыз бийлиги ага бут тосуудан кем калган эмес. Акаевди Айтматов алып келип президент кылды дегени менен Айтматовдун ааламын көрө албай көрпенделик кылган. Бир өлкөнүн бир президенти Акаев жалпы планетаны каптаган "Айтматов ааламынан" кадыр-барк талашкан. Анын кадырынан ашып түшөм деп ач көздүк кылып ичи тардык жолго түшкөн жери бар.

Дагы кыргыздын чыгаан, намыстуу киноматографисттер, кинорежиссёрлор чыгып, продюсер Таалай Бапанов башында туруп "Найман эненин көзү" тартылып, бет ачаар аземи 75-жылдык юбилейине арналган. Ошого да Акаевди аялы Майрамды ардактуу конок катары Чынгыз Айтматов өзү чакырса да келген эмес. Эми эмне болду аалам адамынан кадыр талашкан Акаев "качкын" аталды. Лекция окуйм дейт, аны уккусу келбеген студенттер чыкты. Сүрөттөрү өрттөлүп, тепселендиде калды.

Айтматов өзүнүн бийиктик ааламы менен Акаевге теңелген эмес, теңине алган жок. Биз Айтматовду дайыма көз алдыбызда көзү тирүүсүдөй тирилтип алып жүрөбүз. "Айтматов ааламы" ааламды кыдырып, кыргыздан чыккан "кыдыр ата"  болуп жүрө берет. Улуу адамдардын назарына калбагыла.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости