www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын учурдагы эң популярдуу жана бай ырчы айымдарынын бири Муниса Ризаева 7-сентябрь күнү турмушка чыгып көпчүлүктү өзгөчө тою менен таң калтырды. Тойдогу эксклюзивдүү кабарларды ырчы айымдын өз оозунан уктук. 

—Муниса, той кут болсун! Маанайың кандай?

—Рахмат! Маанайым абдан соонун. Мен эң бактылуумун. 

—Үйлөнүү тойду жомоктогудай өткөрүпсүңөр...

—Ооба, баары биз ойлогондой болду. Үйлөнүү тоюм жомоктогудай өтүшүн абдан кааладым эле ошол максатыма жетип олтурам. Үйлөнүү тойду уюштуруу боюнча эч башымды ооруткан жокмун. Болгонун жасап бере турганга жолдошум жардамчыларды жалдап берген.

—Алыстан көп атактуу конокторду чакырыпсың. Алардын гонорарлары асман чапчыдыбы? 

—Тойдо Леонид Агутин баштаган орусиялык ырчылар, Гоар баштаган атактуу блогер, бизнес леди айымдар, Орто Азиядан Жах Халиб баштаган жылдыздар конок болушту. Бардыгы мени сыйлаган кесиптештерим жана досторум болот. Гонорар тууралуу ойлонгон жокмун. 

—Жолдошуң тууралуу айтып берчи...

—Жолдошум өзбек эмес, Минскиден болот. Аты Арсений. Ислам динин кабыл алган. Менден бир нече жашка кичүү. Жолдошум мени абдан жакшы көрөт, чыгармачылыгымды сыйлап, карьера жасоого тыюу салбайт. Жолдошум мен үчүн Минскиден Ташкентке келди.  

—Эмне үчүн өзүнөн кичүү жигитти тандадың?

—Учурда 36 жаштамын. Мен теңдүү мырзалар, теңтуштарымдын баары үй-бүлө куруп, бала чакалуу болуп калышкан. Бойдоктор деле калбай калган (күлүп). 

—Азаматсың, бактылуу бол! 

—Рахмат!

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости