www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент алмашса да Жапаров кайра Минкаб болом деген үмүтү бар.«Башыңа күч келсе, башмандак атасың» дейт. Нобель сыйлыгын уюштурган  Альфред Нобель минтип айтыптыр: «Демократия – бул шүшмшүктөр жетектеген көк мээлердин үйүрү» -деп. Өтө катуу айтыптыр, азыр биз кайсы жолго түшкөнүбүз белгисиз. Орусия демократия жолуна түшкөн, бирок демократиянын ана башы Батыш менен тирешип турат. Демократия демократия менен тирешип турат. Биз демократия деп кызматтан ала салдырганды түшүнө баштадык. Минкаб төрагасы Жапаров өкмөттү башмандак аттыра баштады. Министрлер Иманалиев, Базарбаевдер кетип, Батырова ордунан жылып «аконит» министр кайра келди.

Гүлжан ШЕРИПБАЕВА: Арзан аң-сезим турмушта кымбат турат

Биз барыбыз туңгуюктабыз, барыбызга белгилүү, туңгуюктан чыгыштын жолу бир – артка кайрылып жана ишенимдүү жолго түшүү. Ал эми биздин «ой жоруучу-серепчилердин» арасында ким кайсы жерден жаңылганыбызды жана кантип туура жолго түшөөрүбүздү айта алат. Алар жок. Биздин билим берүү менен илимибиздин өнүгүшүү да ошол эле «жалган жолдо», ошондуктан бизге ишенимдүү жолду айтып бере турган окумуштуулар деле жок.  Жаңы саясат тууралуу сүйлөштүн да кереги жок.  Муну билгендер мектеп партасынан же студенттик аудиториядан өз алдынча даярданып келген адамдар. Алар миңдин бири. Мээ баа жеткиз жана бирден-бир товар. Аларды издегиле, чакырып башкаруунун рычагдарын бергиле, алар мамлекетти баткактан сууруп чыгат. Бирок мындай болбойт, силер өзүңөрдүн жылуу орундардан жылгыңар келбейт, ал эми акылдуулар болсо бир гана «проблема» жаратат. Эгер өлкөнү жогото турган болсок, силерди тойгузуп жаткан жылуу креслоңор жана кызматыңар да жок болорун билгиле. Жок дегенде мээңерди бир –аз иштетип жана силердин креслоңорду сактап калууну көздөгөн мээси бар адамдар тууралуу жакшылап ойлонсоңор, алар өлкөбүздү көтөрө баштаар менен, анын түшүмүн силер гана жыйнайсыңар.

Мен айттым эле боло турган нерселердин логикасы болжолдогондордун логикасынан артык деп. Атамбаев жана анын тарапташтары ( С.Исаков,  Ф.Ниязов, А. Ибраимов жана башкалар) ушундай кырдаалдарга түшүп каларын убагында божомолдоду беле? 1917-жылдагы Октябрь революциясы ишке ашкан соң  бардык падышалык элита (дворяндар, офицерлер, чиркөө кызматкерлери) Совет бийлигинин алдында жашагысы келди беле? Булар башка нерселерди божомолдошкон, бирок боло турган нерсе башка жерге алып барды. Биз башка чындыкка кирип братабыз, ким түшүнгөн болсо. Көпчүлүк сокурлукка жетеленип, мурункудай жашайбыз деп үмүт кылып турат. Жок. Бул тууралуу унутуш керек, биз мындан ары да насыя жана гранттарды алып, экономиканы инвестицияларды тартуу жолу менен өнүктүрүп кетебиз дегенди. Жок, бул доордун күнү бүттү. Ушул күнгө чейин биздин алып келгенибиз – бул акыркы тамчылар, жана ал жерлерде да акча иштеп табууну көздөгөндөр болгондуктан, берип келишкен. Бүгүнкү күндүн модалык брэндине айланган, коррупция менен күрөшөбүз дегенди унуткула.  Бардыгы алмашат бийликтин модели да, жана экономиканын жана социалдык чөйрөнүн. Бир гана түбөлүктүү улуттук сезимге, адеп-ахлакка, этикага багытталган маданият кала берет. Чыгармачылык калат. Бардык башкаларын роботтор менен жасалма интеллект алмаштырат. 

30 жыл реформа менен алышып келгенибиз менен жыйынтыгында бардыгын жок кылдык. «Реформа» деген кайсы тармакка барса да, кайсы тармакты сыйпап өтсө да  - кайсап кетти. «Реформа» деген түшүнүк «ре» (өзгөрүү) жана  «форма» дген сөздөрдөн туруп, формасын өзгөртүү деген маанини түшүндүрөт. Мисалы, «реорганизация» - уюмду өзгөртүү, «реконструкция» - конструкциясын өзгөртүү жана башка. Бизге формасын өзгөртүүнүн кереги жок, формасын эмес манисин, маңызын, мазмунун, табиятын өзгөртүшүбүз керек. Мындайча айтканда түп -тамырынан бери дүйнөгө көз карашын баалуулуктар шкаласын, мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүндөгү системасын өзгөртүшүбүз керек. Азыркы мезгилде демократиялаштырабыз деген шылтоо менен Кыргызстанды талкалап жок кылып жаткан реформаларды токтотушубуз керек. Демократия — бул бир гана идея, бирок факт эмес, ал жерде, эч бир мамлекетте жок, болгон да эмес. Кимдир бирөө көп деңгээлде, кимдир бирөө аз деңгээлде либералдык баалуулуктар жана стандарттар орун алган мамлекеттер бар –ал жерлерде бир гана бүлүнүү жана ойрон болуудан башка эч нерсе жок.

Этикалык мамлекет куруунун доору келатат. Жаңы –бул унутулган эскилер. Биз менен түбөлүккө кала турган баалуулуктар – үрп-адат, каада –салт, адеп-ахлактык мораль. Улуттук жана үй –бүлөлүк турмуштун этикалык эрежеси калат.

Азыркы заманбап иликтөөчүлөрдүн бири  В. Шемшук, жазыптыр: «Адам канчалык моралдуу болсо, ошончолук таланттуу. Адам сыймык менен өзүн Homo sapiens (Акылдуу адам) атаган, акыл –эс мораль жок болсо өлүк, өлүктү ким жаратат эле?  Мораль жок акыл- эс отун чаап атабы же адамдын башын кыйып жатабы бары бир болгон балтага окшош. Аморалдуу адамдар хаос жана бүлүнтүү үчүн гана жаралган,  алардын колуна мамлекеттик башкаруунун тизгини тийе турган болсо абдан коркунучтуу: алар миллиондогон адамдардын турмушу менен оюнчук сымал ойногусу келишет. Биз азыр Адамзат мораль акыл –эстин үстүнөн карай турган чекке жеттик, ушул чектен өткөн соң, адам өзүн-өзү Homo Moralis деп атоого толук укугу бар. Мораль цивилизациянын жетишкендиктеринин деңгээлин чагылдырат.  Бүгүн саясат менен профессионалдуулар алектенсин деп жатабыз, мисалы юристтер. Бирок саясат үчүн юридикалык, тарыхий жана экономикалык билимдин деле кереги жок. Башкысы ал үчүн – моралды сактаган адам болуш керек, ал башкалар суктанган жана аны турагысы келген адам болуш керек, бул билимдин «азык-түлүгү» эмес, тарбиянын жыйынтыгы!»

Чынгыз-хандын мамлекети үч жүз жыл өмүр сүргөнүнүн себеби, этикалык нормаларга таянган. Бүгүнкү күндө да этиканын беш башкы эрежеси түбөлүккө  фундаменталдуу жана актуалдуу экени көрүнүп турат. Булар төмөнкү принциптер: материалдуулуктан акыл –эс өйдө турат, жекеден коомдук жогору турат, менчиктен бийлик өйдө турат, ээлеп алгандан кызмат кылуу өйдө жана  акыйкатчылдык мыйзамдан өйдө. Ушул принциптер бизге азыр жетишпей турат. Мыйзамдарды пачкалап жазып, кабыл алып жатабыз, ал эми пайдасы деле жок.  

Баалуулуктар тууралуу маселе жогоруда айтылгандай, калганы кеп деле эмес,инвестиция тартуу, коррупция менен күрөшүү, экономика, билим берүү жана медицинаны көтөрүү жана башкалар. Адеп-ахлактык маселелерди чечмейин, бардыгы курулай кыйкыруу. 

Биз саясаттан да, экономикадан да жана башка бардык тармактардан бардык күчүбүздү мобилизациялап,коомубуз адеп-ахлактык кайра жаралууга барбасак ордубуздан карыш да жылбайбыз.  Азыркы жана мурдагы өкмөттүн экономиканы көтөрүү жана өнүктүрүү боюнча көргөн чараларынын бары, башынан эле ийгиликсиз болуп жатканынын себеби, анткени кооз цифралардын артында коркунучтуу ойлор жашынып турат. Биздин биринчи кезектеги маселебиз: бардык коомдук, мамлекеттик жана жеке турмушубузду адеп –ахлактуулукка каратышыбыз керек.

Экономика да, саясат да, мыйзамдуулук да, башкаруу да, илим да, билим берүү да мындайча айтканда бардык чөйрө адеп-ахлактуулукка карата багытталууга тийиш. Бул азыр кездеги номер биринчи маселе. Элибизге жана коомубузга адеп –ахлактуулук жактан кайра жаралуу революциясы керек. Максат керек, ар бир жарандын жаңы эски баалуулуктар  жана идеалдардын чагылдырып, коом жана мамлекеттин кызыкчылыгы менен, биримдикке, тилектештикке, акыйкатчылыкка, эмгек сүйүүчүлүккө дал келиши керек.  Ушул баалуулуктун бары Негизги мыйзамда бекитилген болса жакшы болмок. Тилекке каршы, иштеп жаткан Башмыйзам азыркы заманбап болуп жаткан талаптарга жооп бербейт. Ал өнүгүү үчүн багытталган эмес. Анда бирдиктүү максат, бирдиктүү багыт, мотив жок, баалуулуктар жок жана позитивдүү өнүгүү үчүн идея жок.

Саясатта мораль жок, маданиятта да, экономикада да, бизнесте да аны жок кылышкан.Бардык көчөдөгү тамактар улутту жок кылып бара жатат -бул геноцид. Ушунун барын биз өз колдорубуз, өз мээлерибиз менен жасап жатабыз. Аракты көзөмөл жок чыгарып жатабыз, мындан «коронавирустук» жана башка вирус менен ажал тапкандарга караганда көптөгөн адамдар ажал таап жатат. Бургерлер менен шаурмаларды колдонуу - онкологиялык ооруканаларга түздөн-түз жол. Балдарга сүт менен булочка, конфет менен кант, чипсы менен кока-кола берип жатабыз – бул да ата-энелери тарабынан балдарына көрсөткөн геноцид. Мунун бары элге каршы жасалган рыноктук мамиле. Анан эмне кылабыз, эгер суроо-талап сунушту жаратып жатса, бул да адамзат барып туш болгон либералдык тузактын бири. Баңги заттар да суроо-талапты жаратып жатат. Бул эң жаман көрүнүш. Биз барыбыз тең башыбызды кумга тыгып алган төө куштардай сыяктуубуз. Ушуга карабай порошоктон сүт жана арак чыгарышкан биздин мыкты деп эсептелген бизнесмендер, бийликти мыкчып отурушуп, элге акыл үйрөтүп жатышат. Бул саясий вирус, коронавирус жана башка дарттардан коркунучтуу турган.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Орус тилинен которулду

 

Последние новости