www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ал министр болуп келгенде бир мүшөк ундун баасы 1400-1500 сом болчу. Анын убагында баа космостук ылдамдык менен көтөрүлүп бир мүшөк ундун баасы 2000-2200 сомго жеткен. «Жамандыктын жарчысы» Алмаз Бакетаевдин заманында ундун баасына эч ким жетпейт, күлүк тулпарга окшоп алдыга безип баратат. Эгер Алмаз Бакетаев дагы бир жыл өкмөттө министр болуп турса, кышкы чилде убагында тезек терсек, эми күзүндө машак терип калабы?
Бүгүнкү «кымбатчылыкты» чакырып турган Алмаз Бакетаев Кыргызстанды сат десе деле, өзүнөн чоңдорду кудайдай сезип калган ал уялбай эле сатмак. Алмаз Бакетаевдин маегине деле ишенүүгө болбойт. Бирок, министрге талапкер болуп жүргөндө бүт өкмөттү шерменде кылып, Бишкекте алабарманданып алып кылжыңдап турбадыбы. Өкмөт Алмаз Бакетаевдин талапкердигин колдоду, ал эмес жеңилип калганда тырышып туруп, министрди көздөйт түртө салды. Мансап үчүн Алмаз Бакетаев жанындагылардын баарын сатып кетти деп атышат. Мына азыркы бийликте мурун Алмаз Бакетаевди колдогондордон ким калды? Алмаз Бакетаевге жаба түкүрүп финансы министрлиги «кол жоолукка» айланды, мындай болчу беле?
Бюджетке кошумча киреше алып келүү боюнча өкмөт башчыга 5 с өз бар. Биринчиси, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун жетекчиси Антонио Гуттериш пандемиядан улам кризисти эске алып, «кедей өлкөлөрдүн карызын кечкиле» деп айткан. Алмаз Бакетаев азыр 50 оорукананы киргизип, донорлор менен иштешсе, Кыргызстандын карызынын 50 млн долларын азайта алат.
Экинчиси, Орусия менен Өзбекстан алтынды экспорттоого пошлина киргизди. Биз быйыл 25 тонна алтын алганы жатабыз, 10 пайыз пошлина киргизели, 150 млн доллар бюджетке түшөт.
Үчүнчүсү, өкмөттү оптимизациялоодон 74 млн сом үнөмдөлөт деп жатат. «Электрондук коммерция жөнүндө» мыйзам бар, ошол кабыл алынса, бюджетке кошумча 2 млрд сом түшөт.
Төртүнчүсү, салык төлөөнүн электрондук форматына өтөлү, андан казынага 7-10 млрд сом кошумча түшөт.
Бешинчиси жана эң негизгиси, Кыргызстанда 21 миң мамлекеттик имарат бар, алардан бюджетке 0,3 пайыз гана түшөт, жок дегенде бир пайыз да чогулта албайт экенбиз. Мунун баарын массалык түрдө териштирип чыкмайынча, эч реформа кыла албайсыз».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg