www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Артыкбаевдин балдары элден артыкпы?

 Осмонбек Артыкбаев уулу Лондондо жашайт

Осмонбек Артыкбаевдин уулу Айдар Артыкбаев Улуу Британияда орто билимин алган. Депутат уулун Mill Hill School деген жеке менчик мектеп-пансионго жайгаштырган. Азыр Айдар окуусун аяктаган. Аталган окуу-жайдын акысы Лондон үчүн дагы бир топ кымбат экени белгилүү. Мисалы 1 семестр үчүн 1,2 млн сом төлөө талап кылынат. Ал эми жогорку билимди London School of Economics университетинен алып, учурда Лондондо жашап иштейт. Осмонбек Артыкбаевдин экинчи уулу Эмил атасы түзгөн "Неман-Фарм" дарыканалар түйүнүн жетектейт.

Каныбек Иманалиевде да каражат мол окшойт

Министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевдин эки баласы тең чет өлкөдө окушат. Кызы Кунайым Иманалиева Англиядагы Эксетер университетине тапшырган. Маалыматтар боюнча окуу жайдын акысы жылына 15 миң долларды түзөт. Ал эми уулу Элимбек Каныбек уулу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Учурда ал Женева дипломаттык жана эл аралык мамилелер мектебинде окуйт. Аталган окуу жайдын бир жылдык төлөмү 8 миң доллардын тегерегинде. Айта кетчү нерсе, министрдин милдетин аткаруучунун киреше булагы болуп анын айлыгы гана эсептелет. Ал өзү декларацияда ушундай көрсөткөн.

Алтынай Өмүрбекованын кайынагасы элчи Руслан Казакбаевдин уулу Европанын билимине суугарылган

Түркиядагы элчи  Руслан Казакбаевдин уулу Нурсултан 2009-жылдан тарта чет өлкөдө жашайт. Ал өзүнүн соцтармактагы баракчаларына 2009-2011-жылдар аралыгында Нидерландда прикладдык илимдер Университетинде окуган. UniPage порталынын маалыматы боюнча окуу жайдын акысы жылына 10 миң доллардын тегерегинде. Андан кийин Нурсултан 2011-2013-жылдар аралыгында Англиянын Де Монфорт университетинде билим алган. Бул окуу жайдын төлөмү 20 миң доллардын тегерегинде. Ал эми соңунда Нурсултан Казакбаев Cass Business School (Лондон университетинин бизнес мектеби) магистратурасына тапшырган. Мындан тышкары ал Бишкектеги «Кыргызстан» банкында тажрыйба өтөгөндүгү маалым. Ал эми кичүү уулу Алтай мектеп окуучусу, "Грамотеи" деген жеке менчик мектепке барат.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыздары кайда окушат?

Экс премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыздары азыркы тапта ЖОЖдордо билим алышат. Улуу кызы Ажар Дүйшекеева БААУда б.а АУЦАда билим алат. Бул окуу жайда келишимдин баасы 6 миң доллардын тегерегинде. Бирок кээ бир студенттерге арзандатуу каралган. Ал эми экинчи кызы Саадат Калифорниянын Diablo Valley колледжинде билим алат. Маалыматтарга караганда аталган колледжде окуу акысы бир жылга 23 миң доллардын тегерегин чапчыйт.

Экс премьер-министрдин уулу Абир болсо «Ала-Тоо» эл аралык университетинде окуйт. Окуу жайдын окуу акысы 650 доллардан 2,7 миң долларга чейин жетет.  Ошого карабастан официалдуу маалыматтарга караганда премьер-министрдин кирешеси андай деле көп эмес. Декларация боюнча ал 2 млн 367 миң сом киреше тапкан. Жакындарына дагы эч кандай ири фирмалар катталган эмес.

Өмүрбек Бабановдун балдары дагы Европаны тандайт

Экс премьер-министр Өмүрбек Бабановдун улуу кызы Айпери 2013-жылдан бери Лондондо окуйт. Ал өз баракчасына Bromsgrove School деген престиждүү жеке менчик мектеп-пансионунда окугандыгын жазган. Кийин билимин Конкорд Колледж мектеп-пансионунда уланткан. Азыр ал Cass Business Schoolда окуйт. Айпери Бабанова "Азия Молл" соода үйүндө жана "Кыргызстан" банкында тажрыйба өтөгөн. Ал эми Нурэмир Бабанов №61 мектепти аяктап, АКШдагы түндүк-батыш университетине тапшырган. Иллинойс штатындагы окуу жай эң престиждүү университет

Дастан Жумабековдун кызы Айгерим Анкарада окуйт

Экс - спикердин улуу кызы Айгерим Анкаранын мамлекеттик университетинде билим алат. Айта кетчү жагдай, ал өз күчү менен бюджеттик бөлүмгө өткөн. Стипендия алып, окуу жайдын жатаканасында жашайт. Айгерим башкаруу жана менеджмент факультетин тандаган.

Алтынбек Сулаймановдун уулу хоккей мектебинде окуйт

Экс-губернатор Алтынбек Сулаймановдун уулу Нуртемир мектеп окуучусу. Ал 3 жашынан тартып хоккейге кызыгып, машыгып келет. Былтыркы жылы аны "Нью-Йорк Рейнджерс" аттуу АКШнын балдар хоккей клубу кабыл алган.Жылына окуунун төлөмү 28 миң долларды түзөт.

Нурбек Алимбековдун кызы кайда окуйт?

Экс -депутат Нурбек Алимбековдун кызы Нурайда Бишкектеги Silk Road International School мектебинде окуган. Аталган окуу жайдын бир жылдык төлөмү 5,6 миң долларды түзөт. 2017-жылы болсо МГИМОнун эл аралык мамилелер факультетине тапшырган. Бул окуу жайдын 1 семестри 600-700 миң рублди талап кылат. Ошондо бир эле курска 2,5-3 млн рубль кетет.

Азиз Суракматов уулу Айдар эң престиждүү колледжде билим алат

Бишкектин экс -мэри Азиз Суракматовдун уулу Айдар Суракматов дагы элден кем калбай Англиядан окуган. Ал Abbey College Cambridge деген престиждүү колледжде билим алган. UniPage агенттигинин маалыматы боюнча окуу акысы жылына 38 миң долларды чапчыйт экен. Бишкекте Айдарга "Елизавета" компаниясы баш болгон бир нече фирмалар катталган.

Албек Ибраимовдун кызы Кытайды тандадыбы?

Экс-мэр Албек Ибраимовдун кызы Айганыш Ибраимова АУЦАны аяктагандан кийин Пекин университетине тапшырган. Учурда магистратурада окуйт. Окуу жайдын контракт бөлүмүнүн баасы жылына 5 миң долларды түзөт.

Экс -банк башчысынын баласынын билими кандай?

Улуттук банктын экс  башчысы Толкунбек Абдыгуловдун уулу Тимур Бишкек шаарында №13 мектепте окуган. Мындан тышкары фейсбук баракчасына Висконсин штатында да бир жыл окуган деген маалымат бар. Ал эми 2016-жылы Бишкектеги АУЦАга тапшырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости