www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча маалыматтарды текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталган. 

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренесинин 2-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөө иштеринде Ички иштер министрлигинин системасында ошондой эле анын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, туруктуу кызматкерлер тобу, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, адамдарды кармоонун кийинки этаптары менен, "кыстармалар" деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды сатып адамдарды аныкташкан.

Ошол эле маалда кылмышка тиешеси бар адамдарды уюлдук телефондоруна болжолдуу кармоо процесси тартылып алынып, жана видеоматериалдар кылмыш жоопкерчилигине тартып, тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылуу үчүн колдонулган.

Коркутуулардын жана психологиялык басымдын натыйжасында кармалган жарандар КР ИИМдин аталган кызматкерлерине 20 миң сомдон 5 миң долларга чейин акча өткөрүп берүүгө мажбур болушкан, алар талап кылынган сумманы алгандан кийин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактыларын жашырып, кармалгандарды бошотушкан.

Тергөөдө акыркы 2 жылда гана болгон 200дөн ашык ушул сыяктуу фактылар боюнча маалыматтар алынган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин учурдагы кызматкерлери Б.К., Э.А., Н.К., Б.И. жана У.Ч. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмыштуу схемага тиешеси бар ИИМдин бардык кызматкерлерин аныктоого жана кармоого багытталган иш-чаралар улантылууда жана тиешелүү далилдер табылар замат кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости