www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен чабалекей” деген ыр бар эле. Жапаров ары карап ыйлап, бери карап күлүп чабалекей болуп калды. Жакында элим эмне болуп кетет деп Калыгул олуяча элдин көзүнчө боздоп ыйлады. Мындай жылар менен каткырып күлүп, так секире баштады, анткени үй жагында байманасы бай, бардыгы түгөл эмеспи.
Украиналык Хоменюктун Жапаров менен эмне байланышы бар? Жапаров Аскар Акаевди «Кумтөр» иши боюнча «Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр» деген айыптоосуна Торонтого анын уулу Айдар Акаев барган деп жооп берген. Акаев да мыкты экен канадалык еврей Хоменюктан жылына 200 миллион доллар «дань» алып турган экен. Өкмөт башчысы 2013-жылдын 24-январындагы ошондогу Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган №34 токтом менен бул ишке аралашкан. 2003-жылдагы «Центерра голд инк» компаниясына Кыргызстандын үлүшүн кошууда кыргыз Өкмөтү менен аферага байланышкан келишимдерди түзүүгө Лен Хоменюктун салымы өтө чоң болгон. Андан калса, коррупциянын чордонуна айланган саясый чөйрөнүн сырын билген Лен Хоменюк аялы экөө Кыргызстандагы коррупциялык схемаларды түзүүгө жетишкен. Леонардо Хоменюк Канадада Украиналык иммигранттын үй-бүлөсүндө туулган.
Ал "Centerra Gold", "Kumtor Gold" жана "Cameco Corporation" компанияларында жетекчилик кызматты аркалап келди. 2004–2008-жылдары «Centerra Gold» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, башкы директору, президенти болуп иштеген. Эгерде анын кызмат орундарынын терең иликтей турган болсок, ал чет өлкөлүк компания үчүн өтө маанилүү тармактарды жетектеп келген. Канадалык мыйзам боюнча канадалык жаран үчүнчү жакта ишмердүүлүк жүргүзүп, ошол жактын мыйзамын одоно түрдө бузуп, коррупцияга малынса, өз өлкөсүндө катуу жазага тартылат. Канадалык ишкерлердин ишеничин актап, эбегейсиз чоң эмгек кылган Леонардо Хоменюкту Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу органына келген адамдар билбей калышы мүмкүн эмес. Кыргыздын «чоңдорунун» сырын Хоменюкчалык эч ким билбесе керек. Ал «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча келишимдердин шарттарын кайра кароо боюнча эки тараптуу маанилүү сүйлөшүүлөрдүн дээрлик бардыгына катышкан. Бардык учурда «Камеконун» пайдасына маселе чечилип келди. Кыргыздын мамлекет башчыларынын чалган «ботколорун» өзүнө жегизген, Президентти баш калып, Өкмөт башчысын төш кылып башын айландырган азамат дал ушул киши. Ал еврей шылуундардын тапшырмасын так аткарган бирден бир ишенген адиси. 1992–97-жылдары «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы жана президенти болуп туруп, «Кумтөр» алтын кенинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана комбинатты ишке киргизүүгө жооп берген.
1997–99-жылдары канадалык «Камеко Голд» компаниясынын аткаруучу вице-президенти, 1999-жылдан Президенти болгон. 2004-жылдан баштап Торонто шаарындагы фондулук биржага «Центерра Голд» компаниясынын баалуу кагаздарын чыгаруу иштерин колго алган. Мындан башка 2011–2014-жылдары "Polygon Gold Inc" компаниясында директорлор кеңешинин төрагасы, президенти жана башкы директору болуп иштеген. Ошол учурда «Кумтөр» алтын кенинде иштеген канадалык компаниянын жетекчилиги кайсыл бир өзүнө жакын тараптарга төлөмдөрдү которуп, мына ушул «көмүскө» булактын эсебинен кирешенин бир бөлүгүн «кертип» калышчу. Муну кыргыз бийлиги билбей калышы мүмкүн эмес эле. Же болбосо сабатсыздыгынан, саткындыгынан ушундай иштерге жол берип келишкен. Бул коррупциялык схеманы ишке ашырууда, «Камеконун» башка чиновниктери сыяктуу эле, Хоменюктун аялы Марина Стивенс айым дагы күйөсүнө арка-жөлөк болуп, кыргыздын алтынынан көрсөтүп дагы, көрсөтпөй пайда көрүп келишкен. Маселен, Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын маалыматына караганда, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жылдык отчетунда М. Стивенс айымга 2001-жылы – 138 миң АКШ долл., 2002-жылы – 331 миң АКШдолл., 2003-жылы – 508,0 миң АКШ долл. гонорар катары төлөнүп берилген. 2008-жылга чейин жалпы жонунан 1 миллиондон ашык доллар гонорар алган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы ошондогу Премьер-министр Ж. Сатыбалдиевдин колу коюлган №34 токтомдо, Л. Хоменюктун аялы М. Стивенс КОК, Камеконун, Центерранын консультанты катары 2002–2004-жылдары 1,2 млн. АКШ долларын, андан кийин 2003–2005-жылдары Центеррага кызмат көрсөтүп 1,4 млн. канада долларын алганын маалымдаган. «Центерра голд» компаниясынын 2005-жылга карата жылдык отчетунда, компания Хоменюктун аялы М. Стивенс менен консалтингдик келишим түзгөнүн маалымдап, ушул келишимге ылайык, эл аралык чарбалык ишмердүүлүккө байланыштуу укуктук жана экономикалык маселелер боюнча тиешелүү консультациялык кызмат көрсөткөндүгү үчүн 200 миң канадалык доллар аларын билдирет. Ошондой эле директорлор кеңешинин тапшырмасы боюнча компанияга кошумча кызматы үчүн саатына 275 доллар алып турган экен. 2005-жылы М. Стивенс айым жалпы жонунан 589 455 канадалык доллар алганын билип коюу ашыкча болбос. Канткен менен Хоменюк канадалыктарга опол тоодой эмгек кылып берди. Ошол эле учурда, Кыргызстандын мамлекет башчыларынын эки жүздүүлүгүнө чыдап тура албады окшойт. Себеби, бир күнү эле чак түштө түшкөн чагылгандай Кыргызстандын коопсуздук комитети «Камеко», «Кумтөр оперейтинг», «Кумтөр голд» компанияларын мурда башкарып келген АКШ менен Канаданын жараны Леонардо Хоменюктун арызын жарыялады. Анда Лен Хоменюк чет өлкөдө туруп алып, Акаев учурунда «Кыргызалтындан» мыйзамдуу жана мыйзамсыз жолдор аркылуу акча талап кылып турганын жар салган. Мына ушул билдирүүдөн кийин, 2014-жылы Алмазбек Атамбаев Президент болуп турганда, Лен Хоменюкка коррупция беренеси боюнча күнөө коюп, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. 2014-жылдын 27-июлунда эл аралык издөөдө жүргөн Хоменюк Болгариянын чек арасынан өтүп баратканда кармалып, үй камагына алынган болчу. Болгариянын соту Кыргыз Өкмөтү Л. Хоменюкка кылмышка шектүү адам катары жетиштүү маалымат бербегенин билдирген. Андан кийин, аталган өлкөнүн Видин шаарынын округдук сотунун отурумунда Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө эки тараптуу макулдашуу жок экендигине таянып, Лен Хоменюкту экстрадициялоого каршы чечим чыгарган. Лен Хоменюкту издөө ошо менен токтогон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg