www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ээн жаткан жерлердин «ээлери» болору тууралуу көп улгайган дамдап айтышат. Нарын районунун Кум-Бел жайлоосунда согуштан кийин иштетилбей калган алтын, вольфрам, шеелит алынган эски шахталардында ээси бар экен. Туризмди өнүктүрүү максатында бул шахталарды жарнама кылып, туристтерди кызыктырыш үчүн атайын 2 адис, жергиликтүү 2 тургун болуп шахталардын бирине киришкен. Ага киргендердин жолун тоскон бозомтук көрүнүштөрдү сүрөткө тартышкан.
Эски шахтага барган учурда анда адамдын жарым элеси сымал фигуралар жолдорду тоскон. Алардын ичинен бирөө жол баштап алдыда бара жаткан. 15-20 метр киргенден кийин жогорку оң тараптан бир кучактай болгон бозомтук таш сыяктуу бир нерсе чыгып турганын көрүп токтогон. Бул ташты эмнеге калтырып кетишкен деп таң калган. Артындагылар: “Байке, эмнеге токтоп калдыңыз?” - деп сурашты. “Мобул эмне? Көрбөй жатасыңарбы? Колум тийгени турат” десе, алар: “Ой байке, эч нерсе жок. Баса бериңиз” дешкен. Көрсө, ага көрүнгөн бозомтук элес аларга көрүнбөптүр. Жол баштап алдыда бара жаткан аларды токтотуп, мойнундагы асылып турган фотоаппараты менен сүрөткө тарткан. Караса адамдын жарым сөлөкөтүнө окшош чоң фигура тартылыптыр. Жанындагылар көрүп таң калышты. Ордунан жылбай, келме келтирди дагы кайра сүрөткө тартыптыр. Ошондо жанагы мурда шахтанын оң жак капталын тоссо, бул жолу фигура өзгөрүп, чачырап, толугу менен алардын жолун тосуптур. Жол баштап алдыда бара жаткан ошондо коркуп, жин-шайтандар бар экенин толук түшүнүп, кайра келме айтып, дагы бир ирет сүрөткө тартса, эч нерсе жок болуп калды. Шашылыш түрдө артка тарттышты. Эч нерсе түшкөн жок.
Бул окуя бир заматтын ичинде эле болду. Шахтага кирүүгө болбой турганын айтып, сыртка чыгып, дароо эле ушул өрөөндөгү бардык арбактарга багыштап Куран окушуптур. Жол баштап алдыда бара жаткан шахтага киргенден кийин ооруп, андан кантип дарыланганын айтты: «Башка шахталарды сыртынан карап, чукулган, казылган көп жерди үстүртөн 1 сааттай көрүп отуруп, Нарынды көздөй жөнөдүк. Бир аз жылгандан кийин төртөөбүздүн арабыздан менин эле башым катуу ооруй баштады. Унааны эптеп айдап, Нарынга жеткенде кан басымымды текшертсем, “кан басымыңыз 145/95 экен”деп дары беришти. Менин нормадагы кан басымым 120/80 экенин жана буга чейин эч кандай оорубаганымды айтып, үйгө барып уктадым. Башымдын катуу ооруганынан ойгондум. Үйдө дары ичип жатып, 1 жума убакыт өттү. Ушул убакта эле баш оорудан аябай кыйналып, кан басым коркунучтуу оору экенин түшүндүм. Дары менен убактылуу эле айыкканым болбосо, тынымсыз башым ооруй бергенинен дем салдырууга Нарындын борбордук чоң мечитине бардым. Түркиядан келген молдо киши мени кабыл алып, баарын угуп, “келме келтиргенди билгениңиз жакшы болуптур. Бирок жин-шайтандын эпкини тийип калыптыр. Эгерде келбесеңиз, кан басым көтөрүлүп, өмүр бою ооруп калмак экенсиз. Шахтага даарат алып кирдиңиз беле?” деп сурады. Мен ага дааратсыз киргенимди айтканда, даараты жок ушундай эски жайларга, үйлөргө, сарайларга, таштанды бар жана башка таза эмес жерлерге, өзгөчө мүрзөлөргө барбаш керек экенин түшүндүрдү. Бир жаш, билимдүү жигитти чакырып, кандай сүрөөлөрдү окуш керек экенин тапшырды. Ал жигит мени жанына отургузуп алып, 1,5 саат сүрөөлөрдү окуп, дуба кылды. Ал сүрөө окуп баштаганда эле башым айыгып, чарчап, кыйналып турган жаным оңолуп, өзүмдү жеңил сезип, ичимден кубанып, унчукпай угуп отурдум. Ошол бойдон кайра кан басымым көтөрүлгөн жок. Андан кийин даараты жок шектүү, кир жерлерге, эски тамдарга, мүрзөлөргө барбай калдым. Ушул окуядан кийин кан басымдын көтөрүлүшүнүн негизги себеби даараты жок жогорудай таза эмес жерлерге баргандан болорун билдим», - деди ал.
Киши кийиктер менен жолугушкандар тууралуу аңыздар көп айтылат. Монголияда геология илимдеринин доктору Аркадий Михайлович Никифоров 1971- жылы жолугушканы тууралуу жазган. Бир күнү түн ичинде ал жаткан палата титиреп, геолог тышка атып чыгат. Караса эч кимге окшошпогон зор денелүү бир жандык турат,анан андан саңырсыган жаман жыт согуп туруптур. Ал жандыктын денеси бүт жүн менен капталып, мойну жок экен, колу болсо абдан узун экен,ал жандык бүкүрөйүп туруптур. Геолог менен жандык бири-бирин тиктеп туруп экөө эки жакка качыптыр. Никифоров палатага кирип келип коркуу сезими менен мылтыгын алып атып салууга камыныптыр, бирок аны менен бирге жаткан монголдор бул жандык башка жаныбарлар сыяктуу эле,адамга жамандык деле кылбайт деп тыйып коюшуптур.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg