www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапаров саясатка аралашканы Атамбаевдин кол алдында иштеген, бул тууралуу Жапаровдун өз китебинен жарыялап кетебиз. 2010-жылы апрелде бийлик алмашкан соң Жапаров комиссар бойдон калат, ал эми июнда Келдибеков, Ташиев болуп Ош жаңжаалын басууга барат. Атамбаев «алкоголдук синдромдон» чыга албай бир жума жок болот. 2010-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Журтка» Келдибеков 120 миң, Ташиев 48 миң добуш топтоп бийликте турган Атамбаевдерден ашып кетет. Атамбаев арданып кетип ич күптүүсүн Жапаров жетектеген Аркадагы «Ата-Журттан» чыгарат. Бул жакка «апрель баатырларынан» чогулган топтор келишип калжың-кулжуңун каалаган убакта чыгарып турушкан.
2012-жылы октябрда митинг уюштурганы үчүн Жапаров, Мамытов, Ташиев камалып 8 айдан соң Атамбаев чет мамлекетте жүргөндөн пайдаланып азыркы Баш прокурор Зулушев чыгарган. Андан соң Жапаров Атамбаев менен тирешип чет мамлекетке чыгып кетет, 2016 жылы кайтып келе жатканда чек арадан кармап, камап, көрбөгөн кордукту көрсөтөт. Эми Жапаровдун өз оозу менен «Саясатта он жыл» китебинде айтылгандарга кайрылала: «24- мартта Ф.Куловду түрмөдөн чыгарып келишкен эле. Беш жыл олтурган. Түз эле “Ф. Куловду президент кылабыз” дегендер четтен чыкты. Бирок, андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Кырдаал башкача эле. Анткени, 2005-жылдагы революциянын башында К. Бакиевдин командасы турган. Айланасындагы колдогондор күчтүүлүк кылып, К.Бакиев убактылуу «президенттин милдетин аткаруучу» болуп бекип калды. Буга А.Бекназаров, Ү.Сыдыков, Нур уулу Досбол, Д.Сарыгулов өңдүүлөрдүн таасири чоң болду. Анткени, булар революция жасоо боюнча республикалык штаб башчыларынын таасирлүү мүчөлөрүнөн болушчу. 10-июлда Президентти шайлоо күнү белгиленди. Талапкерлер даярдана башташты. Негизги талапкерлер К.Бакиев менен Ф.Кулов эле. Экөөнүн ортосунда: “Сен премьер-министр бол. Мен президент болоюн” деген соодалашуу кызуу жүрүп жатты. Бири-бирине жол бошото турган түрлөрү жок. Республикалык штабдарын ачып, кызуу иштеп башташты. Феликс Куловдун республикалык штаб башчысы болуп, Алмазбек Атамбаев шайланды. Ө. Бабанов экөөбүздү Феликс Куловко иштеп бергиле деп суранды. Биз макул болдук. Баарыбызды «Форумдагы» офисине чогултту. Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Темир Сариев, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Бабанов жана Феликс Кулов өзү болуп, уй мүйүз олтуруп, кеңешип баштадык. – Бакиев күчтүүлүк кылып кетет го. Талапкерлигиңизди алып койбойсузбу? – дегендер да болду. Алмазбек Атамбаев: – Жок. Алганга болбойт. Бул күрөштө биз жеңип чыгабыз. Менин көзүм жетет,- деп, өзүнүн аргументтерин айтып берди. – Түштүктө 30 пайыз өзбек улутундагылар жашашат. Алар эзели түштүктөн чыккан талапкерге добуш беришпейт. Алардын добушун алсак эле, түндүк толук колдоп берсе, жеңиш биздики болот, – деп дүпүлдөп жатты…
Чындыгында, турмуш өзү көрсөтүп тургандай, түштүктө жашаган өзбек улутундагы жарандарыбыз, түштүктөн чыккан талапкерлерге анча добуш бере беришпейт экен. Муну шайлоолордо көп байкадым. Анткени, аралашып жашап жаткандан кийин ар кандай жагдайлар болот. Биринчиден, кичине кездеринен бери бирге өсүшүп, бирине-бири атаандашып жашашат. Мушташа кетишет, ары тур, бери тур болуп дегендей. Ошол себептенби, айтор азыркы учурга чейин деле өзбек улутундагы жарандарыбыз түштүктөн чыккан төбөсү көрүнгөн саясатчыларыбызды жактыра бербеши ачык эле билинип турат.
Экинчиден, баарына 100 пайыз жагыш кыйын эмеспи. Ала жаздын нымы кете элек учур. Жумуштан кийин күндө кечинде «Форумга» чогулмай болдук. Мени Ысык-Көлгө ар бир райондун борборуна штабдарды ачып кел деп жиберишти. Бекбосун Кыдыкбаев деген агабызды алып, бир жумада штабдарды ачып келип, Алмазбек Атамбаевке даректерин кагаз жүзүндө толук тапшырып бердик. Бир дагы облуста мындай тез даярдык болгон жок. “Азаматсыңар” деп мактап, далыга таптап баржактады. Үчөөбүз кофе ичип, бир топко баарлашып олтурдук. Сөз кезеги келип, «Кумтөр» менен Каркыра жөнүндө айттым. -«Кумтөрдү» толук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетсек, кризистен тез эле чыгып кетет элек. Ушул маселеге көңүл бурушуңарды суранам. Маселени мен Жогорку Кеңешке алып чыгайын. Колдоп бергиле, – дедим. – Саке, иним, Акаевди эмне үчүн кубаладык? Бир эле «Кумтөр» эмес, бүт кен байлыкты менчигиндей ээлеп алышыптыр. Ошол үчүн кубалабадыкпы. Мындан ары баарын мамлекетке алып, иштетебиз. Бир аз убакыт керек, – деди. Каркыра боюнча айттым. – Биздин чек арага чейин кирип келип, пост куруп алышкан. Чөп чабыш, шалбааларыбыз, жайыттарыбыз өтүп кетип жатат. Келишимди кайра карамайынча парламенттен өткөрбөшүбүз керек, – дедим. – Ал маселе өзүңдүн колуңда турат го, парламенттен өткөрбөй кой, – деди. Ошентип, айткан сөздөрүнө ичим жылып, тарап кеттик. Күндөрдүн биринде А.Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Рахат Ирсалиев үчөөбүздү «Автомаш» заводунда жайгашкан эс алуучу жерге чайга чакырып калды. Жогорку Кеңештен бошобой жатып, бир аз кечигип, барып калдык. Дароо эле үчөөбүздү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, өзүнчө эле урушуп кирди. Биз таң калып, андайга чыдабаган жаным, ызырынып калсам, Өмүрбек Бабанов күлүп, мени токтотуп койду. Көрсө, ичинде 100 грамм бар экен!!! «Кулов менен Бакиев тандем түздү, шайлоо компаниясы токтоду» деп айтканы чакырыптыр. Өзүнө экономика министрлигин соодалашып алган кербези экен. Кийин сегиз ай иштеп, иштей албай, ал министрликтен да кетти. Бир күнү Ө.Бабанов экөөбүз А.Атамбаевдин кымыз ичип, эс алып жаткан жерине бардык. Арыз-муңун айтты...»
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg