www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул эки өлкө чек араларын тактоодо эки башка документтерге таянып келүүдө. Кыргызстан таянып жаткан документтер юридикалык күчкө ээ. Биз да, Тажикстан да өз алдынча республика, мамлекет катары СССРдин учурунда түзүлүп, калыптанды жана бул Союз ураганда Эгемендүү мамлекеттер катары таанылды. Ошондуктан баардык эсеп жана аймак, байлык бөлүштүрүүлөр ушул учурдан тартып эсептелиш керек. Бул укуктук да, аймактык да туңгуюктан сактайт. Ал эми тажик тарап таянып аткан 1920,30,40,50-жылдардагы документтер эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес, тиешелүү процедуралардан өтпөгөн жана бири-бирине карама-каршы келет. Болгону СССРдин тушунда жогоруда айтылгандай, Борбор Азия чөлкөмүндөгү элдерди бириктирбей, бөлүп-жаруу максатын көздөгөн чечимдер болгон. Андыктан мурдагы Союздук республикалар бөлүнүп, өз алдынча мамлекет катары жарыялангандан кийинки аймактарды бөлүштүрүүсүндө жалгыз гана таяна турган юридикалык документ алгач Минскиде, андан кийин Алматыда кол коюлган келишим болуп саналат. Анда учурдагы ар бир республикалардын ээлеген аймактары боюнча гана чек аралар аныкталып, демаркация жана делимитация иштерин жүргүзүү керектиги так, даана жазылган. Бул документке бир гана жаңы, Эгемендүү республикалардын президенттери гана кол койбостон, ал мамлекеттердин Парламенттери да ратификациялаган. Анын катарында Тажикстан да бар.
Бир гана чек араны аныктоочу толук кандуу, юридикалык күчкө ээ документ ушул болуп эсептелет. Албетте, Тажикстан бул документти кабыл албай, Кыргызстан менен болгон чек ара маселесин 30 жылдан бери чечкиси келбей жаткандыгы да алардын пайдасына болууда. Себеби эгер биздин алар менен чектешкен Баткен облусубуздун аймагындагы жашоочулар жумушсуздук, жакырчылык жана башка себептерден улам жылма миграция жолу менен сыртка көчүп кеткендиктен, ал жактагы тажик жашоочулары ар кандай мыйзамсыз ыкмалар аркылуу биздин жерлерди “такталбаган аймак” деген шылтоо менен ээлеп калып жатышат. Эми, биздин жерлерди мыйзамсыз ээлеп алып, факты боюнча чек араны тактайбыз деп жатышат. Ошондой эле ал аймактарды “талаштуу жерлер” деп, өзүбүздүн эле жерлерге алмашууну көздөшүүдө. Баарынан өкүнүчтүүсү, биздин маселени түшүнбөгөн жетекчилерибиз ойлонбой, билбей туруп, кээ бир документтерге кол коюп беришүүдө.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg