www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Асман» шаарынан куйругун түйгөн Алмамбет Шыкмаматов кыбырап-сыбырап отуруп  Бишкек эркин зонасына келди. «Асман» шаарын куруу демилгеси көтөрүлүп, долбоордун башына Алмамбет Шыкмаматов туруп, катуу пиар башталганы эсиңерде да. Бирок көшөгө артынан келишпестиктер жаралып, бир топ шек саноолор ойноп кеткен. «Иттин өлүгүн» жашыра албайсын да. Алмамбет Шыкмаматовдун өткөн чагы, туруксуздугу, элдин ишенимине алынбаганы карама-каршылыкты жараткан. Акыры ал «Асман» шаарын куруу ишинен четтетилген эле. Анын артынан Сауд Арабиядан келген эки инвестордун кетип калганын уктук. Ошондо дүңгүрөгөн долбоор сөз боюнча эле калып калдыбы? Анын мурункусуна кайрылалы. Алмамбет Шыкмаматов  маалыматка берген маегине караганда, Файзиевди да бул жерге дайындаган. «Бул долбоорду ким жетектейт?» деген суроого, ал өзү координациялай турганын айтты, Файзиев эмне жумуш аткарат ким билет? Балким эшек бизнесин гүлдөтүүгө акча ташыгыч болуп иштер. 20 млрд долларлык «Асман» долбоорун ким жетектери белгисиз.

Бийликтин өзгөчө демдеринин бири коркуп-үркпөй эле кыскаруулар көбөйүп баратат. Арийне, 20 млрд долларга «Асман» шаарын курам деп талпынган Алмамбет Шыкмаматов ал кезде Инвестиция боюнча министрлик ачтырып алган. Инвестиция керек, ал эми жакыр бюджетте турган Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө 20 млрд долларга шаардын кереги барбы? Инвестициялардын негизинде Астана шаары курулду. «Казга теңелем деп карганын буту сыныптыр» -дейт бизге салыштырмалуу «каз» сыяктуу Казакстан менен теңелишибиз керекпи? "Асман" шаарынын долбоорун Ысык-Көлдүн жээгинде ишке ашыруу үчүн башкаруучу компания түзүлгөн. Элдин акчасын ашагандан башка эч деле иш бүтүргөн жок. Ал керектүү документтерди даярдамак жана канча каражат жумшаларын эсептеп чыкмак. Бул тууралуу ошол кездеги инвестиция министри Шыкмаматов теңирчилердин тиреги болгон Tengrinews.kz менен болгон маегинде билдирген. "Асман" шаарынын долбоорунун болжолдуу наркы $ 20 млрд. Анын айтымында, иштин активдүү фазасы 2020-жылы эле жүргөн. Буга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан жер аныкталган. Аны инфраструктура жана энергия менен камсыздоо боюнча иштер жүргөн.  Алмамбет Шыкмаматов түзүлүп жаткан башкаруучу компания буга чейин дүйнөлүк архитекторлор, курулуш жана долбоорлоо менен алектенген компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан. Чиновниктин айтымында, маалымат Перс булуңундагы өлкөлөрдөн, Түштүк -Чыгыш Азиядан, Түркиядан жана казакстандык инвесторлорго жөнөтүлгөн. Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Буга чейин көптөгөн өлкөлөрдүн инвесторлору кызыгуусун билдиришкен. Азырынча олуттуу сүйлөшүүлөр боло элек. Бүгүнкү күндө ар бир инвестор белгилүү бир аймакты берүүгө даяр, ошондо алар шаарды курушу мүмкүн, бул жалпы түшүнүккө каршы келбейт, шаардын өзүнүн долбооруна каршы келбейт. 2022-жылга чейин биринчи келишимдер болмок. Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, казак ишкерлери, Ысык-Көлдөгү кыймылсыз мүлккө активдүү инвестиция салып жатышканын айткан, биок бул шаар эмгиче ордун да таба элек.

Эрксизден баш чайкайсың да. “Асман” шаарынын долбоорун жүзөгө ашыруу максатында жумушчу топ көчмө жыйын өткөрүп, чучук, карта жеп көгүлтүр көлдүн жээгине барып келишкен. Демилгечилердин айтымында, 700 миң калк жашай турган шаар курулуп, 200-300 миң киши иш менен камсыз болот экен. Долбоордун автору Руслан Акматалиевдин айтымында, шаар жомоктогудай эле болот. Токио, Шанхай сыяктуу мегаполистер бул экологиялык “кыргыз кереметинин” чаңында калат окшобойбу! Мейли, романтик архитекторлорго, “бул шаар курулуп калса...” деп күмөнсүп жаткан Алмамбет Шыкмаматовго деле “макул” дейли. Шаар 100 пайыз инвесторлордун эсебинен курулат окшойт. Себеби, алар сырттан инвестор издеп жатканын шардана айтты.

Шаар курулушу дүңүнөн 20 млрд. АКШ долларына бааланууда. Баш-аягы 20 жылда бүткөн Астана шаарына Казакстан 50 млрд. АКШ долларын жумшаган. Анын 40 пайызы жергиликтүү ишканалар, компанияларга таандык болсо, 40 пайызы республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган, банктардан алынган насыялар жана сырттан келген инвестиция 20 пайыздын тегерегинде гана болгон.

Демек, колунда кокон тыйыны жок туруп, “20 млрд. АКШ долларына шаар курам” деп желпингендердин жели чыгат окшойт. А биздей жакыр өлкөгө кайсы мамлекет каражат берет? Өзүбүздө жумушсуздук, экономикалык кризис, пандемия, ар тарабың “Мамайдын көрү”! Анан кайдагы асмандан кыялданасың, эй кемчонтой кыргыз? Эл кыйналып жатса. Ага кеткен акчага Баткен тарапты күчтөсөк дурус болмок.

Ысык-Көлгө "Асман" шаары курулса, ошончо саркынды суу, бир миллион кишинин таштандысы каяка кетет? Касымжомарт Токаев "Кыргызстанда 30 жылда эчтеке салынган жок" деп балп эткени бар. Анан биз намыстанып, "Асман" деген шаар салабыз деп чыктык окшойт. Туура эмес түшүнгөнүбүз аз келгенсип, "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" болдук. Мугалим менен врачтын айлыгын көтөрүмүш болуп, буларды сорттоп салдык. Жакшы врач, мугалим четке кетип жатат. Мектептерибиз контейнерден. Каражат жок, бюджет тартыш. Тышкы карыз кокодон. Армиябыздын ыштаны жок. Шаарды кой, оңгулуктуу туалет сала албайбыз анан биз мындай мамилебиз менен керемет көлүбүздү сазга айлантабыз окшойт.

Ысык-Көлдү мүмкүн болушунча сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Бишкектин экологиясын талкалап, эми көлдүкүн талкалайлыбы?! Кудай берген жаратылыштан башка колубузда ырыстуу деле эчтекебиз жок. Жеп-ичип, талкалап, бүлүндүрүп, тоноп бүткөнбүз. Колубуздагыны сактап, андан ары өнүктурүп алалычы асмандын башын сүйлөбөй. Бийлик, тезинен реалдуулук менен жакшы жетекчилерди дайындагылачы, сураныч.

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды Аталган жыйын Алмамбет Шыкмаматовдун төрагалыгы алдында долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан.

Топтун курамына Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Ведомстволор аралык жумушчу топ жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берет, ушул сыяктуу эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбаларын иликтейт. Ошондой эле пилоттук долбоордун концепциясы менен экологиялык критерийлерин иштеп чыгуу боюнча изилдөө багыттарынын тизмеси даярдалат.Аткарылган иштердин жыйынтыгында шаар куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план министрлер кабинетине киргизилет.

"Асман экологиялык таза шаарын" 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости