www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров “Азаттык” радиосуна маек куруп, соңку окуялар боюнча пикирин билдирген. Журналист Жапаровго “Мелис Аспеков сот отурумунда сизден убагында миллион доллар алганын, акчаны өз кезегинде сизге Сооронбай Жээнбеков бергенин жарыялады. Чынында эле Сооронбай Жээнбеков сизге ири суммада акча берди беле?” деп суроо салган. Жапаров: “Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”, - деген. 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Мелис Аспеков өзүнүн Facebook баракчасына Жапаров өзүнүн шайлоосуна Сооронбай, Асылбек Жээнбековдордон 10 млн $ алган, аларды жоопкерчиликке тартып камай албайт деп жазып чыккан. Аспеков Чүй облусу боюнча штаб башчыларына акча бергенде алардан тил кат жаздырып алган.

Аспеков тарабынан жазылган маалымат өзгөртүүсүз берип көрөлү: «5-октябрдагы төңкөрүштөн кийин, Садыр Жапаров берген убадаларынын аткарылышын мен талап кылып баштадым.Мисалы Кумтөрдү денонсация кылып, эл үчүн иштеп берүүсүн, Жерүйдү бери дегенде 50% Кыргыз тарапка алуусун, люстрация мыйзамын кабыл алып, коррупция менен аёсуз күрөшкөнүн, энергетика тармагындагы Ширшовдун схемаларын, кан буугандай токтотуу, бажыдагы уурулукту жөнгө салуу, Дача - Суудагы окуяга чекит коёрун, Жээнбековдорду элди атканга берген буйругу үчүн, жоопко тартууну ж.б. Сөздөрүнүн биринде, Жапаров Президент болгон соң бул убадалар ишке ашат, андан көрө келе жаткан шайлоодо Чүй облусунун координатор болуп бер деген сунушун айтты. Жапаровдун айтымында, шайлоо учурунда Чүйгө 1 млн $ бөлүнөрүн баса белгиледи. Ишенбеген адам турбаса, акчанын дайынын таппай калабыз, керектүү добуш албасак, мен Президент болбой калсам, бизди камайт, биз биринчи турунда уруп чыгышыбыз зарыл деп тапшырма берди. Мен макул болуп, дароо штаб ачып, керектүү кызматкерлерди жалдап, кеңсеге компьютер жабдыктарын алып ар бир районго координаторлорду бекитип, миңдеген агитаторлорду тандап (тизмеси бар), кыскасы шайлоо башталышына толук даярдык көрүлдү. Садыр айткандай 1 млн $ акча каражатын, шайлоо учурунда үч бөлүп, өз колу менен Ала-Арча резиденциясынан мага берди. Сөзүм кур болбош үчүн,ар бир райондун координаторлордун паспорт көчүрмөлөрү менен, менден шайлоого алган каражаттарынын кол каттары далил катары көрсөңүздөр болот. Бул чыгымдардан тышкары,башка көптөгөн чыгымдар болду.Тонналап бензин алганбыз, көптөгөн коомдук бирикмелердин, кыймылдардын, диасполардын жаш топтордун лидерлер менен кызматташуу, алар бекер иштебейт. Мен 1000 $ ашпаган чыгымдардын,кол каттарын алчу эмесмин, болгону журналга тушурчумун. Чүйдөн шайлоого королгон 1 млн $ ачык коомчулукка көрсөтүлүп,салыктары төлөнөт деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Республикалык штаб жалпысынан шайлоого болгону 40 млн сомдун тегерегинде чогулуп, сарпталганын жарыя кылды. Мындай чоң мыйзам бузууну кандай түшүнсө болот деп, Садырдын өзүнө бардым. Анын айтымында, эгерде бардык чыгымдарды ачык көрсөтсөк, көп салык төлөйбүз, эл бизди жеп коёт, мынча акчаны жаңы келип кайдан алдыңар деп ызырынып баштады. Мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн $ алдым деп ачык эле айтты уялбай. Башка аларды кама дегенди токтот, алардан башка ким бермек эле деп кайрадан менден сурайт. 7 дубанга 1 млн $ кетти, Көлгө 2 млн $ бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят болоорун айтты. Бишкек менен Ошко 1 млн $ бердим дейт. Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына Президент болбой эле койсоң болмок десем, сен эмнени билесиң деп менен качып баштады. Шайлоого аралашканыма абдан өкүндүм. Урматтуу эл журт Садыр Жапаров эч качан Жээнбековдорду жоопко тарта албайт, алардан чоң пара алган экен. Андан тышкары Бакиевдердин койгон шарттарына баш ийип, алардан дагы каражат алды деп угуп жатам. Эки жактын макулдашуусу боюнча, Искендер Гайыпкуловду Президент аппаратына бекитти. Дегиле бул окуялар эмне менен бүтөт, убакыт өзү көргөзөт. Капа болгонум Садыр Жапаровдун кожоюндары көбөйүп кетти. Мен болгонун болгондой айттым. Эл ар дайым чындыкты билиши керек. Уландысы болот...

Мелис Аспеков СИЗО ГКНБ. 12.05.2021 жыл» Жазаларды аткаруу кызматы соттолгон активист Мелис Аспековдун абактан чыгышы боюнча түшүндүрмө берди. Маалым болгондой, былтыр 23-мартта Аспеков Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208 жана 204-беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле жылы 5-июлда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 204-берене боюнча өкүмү өзгөртүлгөн. Аспеков 6 жылга соттолгон. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 9-январынан тарта эсептелген. Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 23-майындагы «Соттолгондорго ырайым берүү жөнүндө» жарлыгы менен Аспековдун жаза мөөнөтү 3 жыл 8 айга кыскартылган. 23-майда Аспеков Молдовановкадагы №27 абактан бошотулган. Жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, Аспеков 2021-жылдын январынан бери 2 жыл 4 ай 14 күн камакта болгон. Анын камактагы убактысы 3 жыл 8 айга кыскартылгандыктан, Аспеков 6 жылдык жаза мөөнөтүн өтөдү деп эсептелген. Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык президент соттолгон жарандарга ырайым берүү укугу бар. Ырайым алуу үчүн соттолгон жаран президенттин атына өтүнүч менен кайрылат.

Эске сала кетсек, Мелис Аспековго “Кыргыз темир жолу” ишканасынын экс-директору Василий Дашковдон алдамчылык менен 250 миң доллар талап кылган деген айып тагылган. Ал 7 жылга эркинен ажыратылды. Камактан чыккан активист Мелис Аспеков Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасады: "Эптеп бошодук, ден соолукка байланыштуу авабыз ырайымдуулук бергени чын. Жашоо кызык экен… Коррупционер Дашковдон каражат алмак турсун, сураганы да ойго келген эмес. Убакыт албетте чындыкты, акыйкаттыкты орнотот деп ишенем. Бириңер бетиме бир нерсе айта албайсыңар, бир тыйын мамлекетке залака тийгизген эмесмин. Кандай болбосун, чындык мен тарапта. Бир топ каттарды алып атам, колдоо үчүн, жылуу сөздөр үчүн чоң рахмат. Биздин сот мени актабаса, тарых сөзсүз мени актайт. Көп нерсе али алдыда…",-деп жазды Аспеков. 2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган. Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости