www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФнын Ички Иштер Министрлиги украиналык генералдар Колесников, Локота жана Грищенкого издөө жарыялаганын билдирди.  

«Издөөнун негизи Кылмыш Кодексинин беренелери боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу» деп айтылат билдирүүдө. 

Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары Игорь Колесников, УАК нын Башкы штабынын начальнигинин орун басары Александр Локота жана Украинанын кургактагы аскер күчтөрүнүн башчысынын орун басары Андрей Грищенконун даректери издөөдө жүргөндөрдүн маалымат базасында пайда болду.

Украина аскер башчыларынын кайсы беренелер менен издөөдө экендиги так көрсөтүлгөн эмес.  
Май айынын башында Тергөө Комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин РИА «Новости» маалымат булагына интервью бергенде жогоруда айтылган «үч генералга сыртынан иш козголгондугун» билдирген. 

Анын айтымында «Колесников, Локота жана Грищенко ар кайсы мезгилде Донбасстын жашоочуларына каршы агрессиялык согуш аракеттерин жетектешкен».  
Россиялык күчтөр УАК тын аскер башчыларына биринчи жолу кылмыш ишин козгоп отурган жок. 

Жакында бул тизмени толуктаган аскер жетекчилери башкы командачы Валерий Залужный, Украинанын кургактагы аскерлеринин башчысы Александр Сырский. Апрель айында украиналык Аскер Деңиз Күчтөрүнүн башчысы Алексей Неижпапка издөө жарыяланган.

Мындан тышкары Москванын Лефортов соту «Россиядагы террористтик актыларды уюштургандыгы үчүн Украинанын аскер чалгын башчысы Кирилл Будановго сыртынан камоо туурасында санкция берген».  

Нур АМАН

Булак: NazarNews.kg

Последние новости