www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күндөн бери Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда кафедра башчысы болуп иштеген Айнура Жоробекованын кыргыз тилин жактагандарды "Улуттук крокодилдер" деп эл аралык форумда сүйлөгөнү боюнча коомчулукта нааразычылыктар дагы деле токтой элек. 

Окумуштуу, профессордун минтип орус тилине артыкчылык жасап, кошоматтанып, бүтүндөй кыргыз улутун намысын тебелеп, басынтып, келеке кылып, мазактаган билдирүүсү боюнча жоопкерчилик маселеси каралышы керектигин Жогорку Кеңештин депутаттары дагы айтып чыгышты. 

Бул тууралуу депутат Камила Талиева бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында: "Тарых илимдеринин кандидаты, Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда кафедра башчысы Айнура Жоробекова кыргыз элин шылдың кылып келди", - деп айтып, улутка шек келтирип жаткан окумуштуулар окуу жайда иштебеши керек жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин белгиледи. 

Ал эми, төрага Нурланбек Шакиев: "Башкаларга сабак болуш үчүн ал жоопкерчиликке тартылат деп ойлойм", - деп, бул боюнча иликтөө жүргүзүлөөрүн билдирди.

Ырасында, Айнура Жоробекованын нигилисттик көз карашы коомго илдет катары жукпас үчүн, сөзсүз түрдө жоопкерчилигин караш милдет. Иштен алынышы зарыл. Укуктук жагын дагы мыйзамга ылайык карап чыгуу абзел. Ансыз, улуттун баалуулуктарын коргой албайбыз. Ар ким шылдың кылып, тебелеп тепсей беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости