www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чубактын кунундай» чубалжыган окуялар тамам болгону турат. Алымкадыр Бейшеналиев мурункудай алжып ар нерсени дөөрүбөй, ойлонуп сүйлөй турган болду. Жайы боюу кызматына жолой албай, Баш прокурор Зулушевден төбөгө жеп, унчуга албай калган Алымкадыр Бейшеналиевге үн бүтө турган болду. Анткени мунун болушчусу бар экен. Болгондо да тиги! Дал өзү болушуп Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр болуп кызматына келе турган болду. Ушундай ирбиттер жүрө баштады. Алымкадыр Бейшеналиев Жаркынбек Касымбековго түз кайрылбаса деле ал кылмыш иши токтой элек, коллектив кабыл албайт деген маанидеги жообун берди. Касымбеков «уу коргошундун» үстүнөн арызданып, кызматынан кетирген. Жаркынбек Касымбеков адис катары врач болуп эч качан иштебептир, «медицина тармагын, анын ички сырларын деле билбейт» деп кесиптештери кеп кылууда.

Анткени Жаркынбек Касымбеков диплом алгандан бери эле саясатка аралашып, коомдук иштер менен алек болуп жүргөн, кызматты көздеп, бийлик дегенде эки көзү төрт болуп чуркаган карьеристтердин бири. Аны «Тез жардам» станциясына башчы кылып коюп койсо, жөн иштебей махинациялар менен шугулданып, үстүнөн төрт кылмыш изи козголгон. Эми түштөн кийин актанып жүрөт. Министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганына үч ай болуп калды, кылган ишинен дайын жок, аппараттык интригалар менен алек болуп, министрликтин жамаатын жигердүү реформаларды баштаган, хирург Алымкадыр Бейшеналиевге каршы тукуруп жатканы жазганынан ачык эле байкалып турат. Мындай интриган жетекчиге өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын ишенип тапшырууга болбойт

Коротулган  13 454 000 доллар чыгымды Дүйнөлүк банк толтурган, Алымкадыр Бейшеналиев «сүттөн ак». Саламаттыкты сактоо министринин кызматына киришүүгө даяр. Атка минер ал жумуштан убактылуу гана четтетилгенин эске салды: «Президент чечим чыгараары менен мен ишке киришип, реформаны улантууга даярмын», - деди Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, үй камагында жүргөндө медициналык мекемелердин башкы дарыгерлери менен телефон аркылуу байланышып турган. «Мен СИЗОдон чыгаарым менен министрликте, Кыргызстандын медицинасы толугу менен көзөмөлдөнгөндөй эле кылып жүрдүм, башкача айтканда, биз иштедик. Мен үйдөн эч жакка чыккан жокмун», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

 Бейшеналиев кайрадан cаламаттык сактоо министри болууга толук укугу бар экен.Себеби укук коргоо органдары Бейшеналиевдин иш-аракетинен кылмыштын курамын таба алган жок. Тергөө COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалдан улам министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде кабыл алынганын эске алып ушундай тыянакка келген. Ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык, мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эмес жана бүгүнкү күндө өлкө эли COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалган. Мындан тышкары, “COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо" долбоорунун алкагында өкмөт короткон чыгымды, тагыраагы, 13 454 000 доллардын ордун 2021-жылы Дүйнөлүк банк толтурган.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш ишин козгогон. Министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп колго түшүрүлгөн. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон. Эки саясатчынын чатагынын төркүнүн кийин айта кетебиз. 14 күндөн кийин Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев кызматына кайткан. Ал арада президент атайын комиссия түзүп, бул жагдайды иликтеткен. 16-июнда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулганы айтылган. Президенттин чечимин күтүүдө. Алымкадыр Бейшеналиев жумушка кайтууга даяр...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости