www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылга кылчая карап көрөлү. Ал кезде Жапаров республикалык штабды жетектеген. «Ата-Журт» партиясына кошулган Өмүрбек Суваналиев болор- болбос бир нерсеге таарынып, башка партияга кетип калган. Түндүк үчүн «Ата-Журт» партиясы кекиртеккке тыгылгын безгек болуп туруп алгандай болуп калды. Чүйдөн Мыктыбек Абдылдаевди чакырылды. Ал киши штабка келип, Акматбек Келдибеков,Садыр Жапаров үчөө көпкө сүйлөшүп олтурду. Ал киши да кыйылып, “эртең -бүрсүгүнү жообун берейин” деп туруп алды. Бир маалда Акматбек Келдибеков кетип калды. Тизме боюнча Садыр Жапаров биринчи турмак эле. - Мыктыбек Юсупович, сиз, баарыбызга баш-көз болуп, тизмеде биринчи туруп бериңиз. Сизди биринчи коёлу, - деди. Дароо макул болду. Биринчиликти Өмүрбек Суваналиев аңдып үмүт кылып турганбы, айтор муну уккан соң тескери өзгөрүлүп, болор- болбос бир нерсеге таарынып, башка партияга кетип калды.
Кубанычбек Кадыров күпүлдөп түрган убагы эле. Ага Садыр Жапаров кезигип калып, - СДПК дан чыгып кетиптирсиң, биздин партияга 20 нын ичине коёлу, депутат болосуң, - десе, - Силер бакиевчилерсиңер да, өтпөйсүңөр, - деп шылдыңдап, “Ак-Шумкар” партиясына барып, 20 дан кийинки тизмеге туруп алган. Турмуштун парадоксун кара «Ата-Журт» партиясы бул шайлоодо биринчи келип, Темир Сариевдин «Ак шумкар» партиясы караандаган да жок.
Бийликтин маалымат согушу күчөй берди. Марат Султанов Акматбек Келдибеков аркылуу «Ата-Журт» партиясына кошулам деген оюн билдирди. Камчыбек Ташиев “киргизбейбиз”деп караманча каршы болду эле, Акматбек Келдибеков менен Садыр Жапаров эки күн дегенде араң макул кылып, Султановду кошуп алды.
Эртеси күнү Акматбек Келдибеков , - Нариман Түлеев менен сүйлөштүм, Москвада экен. Аны да арабызга кошуп алалы. Акча агылып келет. Бишкек шаары менен Нарын облусун каржылайт. Ал жактарды оңой эле жеңип чыгабыз, -деди. Саясий Кеңешке салды. Жарымы макул, жарымы каршы. Каршы болгондор , - Бакиев менин атам” деп сүйлөгөн видеосу бар. Эгер ошол жерин убактылуу бийлик, КТРК аркылуу бир көрсөтсө анда, түндүктөн үмүтүңөрдү үзө бергиле, - дешти. Макул дегендер , - Каражат жагынан кыйналып жатпайбызбы. Эгер акча агылып келе турган болсо, кошуп алалычы, - дешти. Ошентип, Нариманды дагы кошуп алды. Бирок, кийин жагында каражат жагынан бир тыйын жардам деле болгон жок.
Дагы бир күнү Акаевдин убагында губернатор, президенттик аппарат жетекчиси болуп турган, Майрам Акаеванын таякесинин күйөө баласы Азамат Кангелдиев келди. - Чүй облусун каржылаганга Мыктыбек Юсуповичте да, менде да акча жок кыйналып жатабыз. Биз Динара Исаеваны Кара-Балта боюнча кошуп алышыбыз керек. Ал колунан келген жардамын берип жатат, -дешти. «Ата-Журт» партиясындагылар талаш-тартыш, ызы-чуу эле болуп жатып калды. Анткени, Динара Исаева Данияр Үсөновдүн жубайы эле. Өкмөт башчысы болуп турган Данияр Үсөнов качып жүргөн. Бакиевчилер деген кара пиар түштүк тарапка анча деле таасир берчү эмес, ошондуктан түштүктүктөр көп деле ага маани берчү эмес. Бирок, түндүк тарапка терс таасир берип турган. Ошентсе да ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, кошуп алды. Мына ушул себептерден улам, Ак-Жо л бажы бекетинен кармалып,Убактылуу өкмөт жеп алган 750 миң доллар түрк бизнесменинин акчасын Бакиев “Ата- Журт” партиясына берип жибериптир деген ушак маалыматка эл ишенүүгө аргасыз болду го деп ойлойм. Чындыгында “Ата- Журт” партиясы Бакиевдерден бир тыйын алган эмес. бир тыйынды эсептеп, эч нерсеге жеткире албай, эмне деген кыйынчылыктарды көрдү. Кара пиары болсо, баштан ашып кетти. Элибизде айтылгандай, жебеген мантыга акча төлөдү.
2010 - жылдын сентябрь айлары. Жогорку Кеңешке 120 талапкерден турган тизме түзө баштады. Шайлоочулардын санына жараша калыстык менен Ош облусуна 25, Ош шаарына 6, Чүйгө 14, Жалал-Абадка 14, Ысык-Көлгө 10, Баткенге 10, Нарынга 7, Таласка 7, Бишкек шаарына 14, чет элде жүргөн шайлоочуларыбыздын санына жараша 13 орун бөлүп берди. Мыйзамга ылайык, тизмеде 30 пайыз аялдар, 15 пайыз башка улуттун өкүлдөрү, 15 пайызы жаштар болушу керек эле. Баары талаптарды так аткарышты.
“Ата- Журт” партиясынын тизмесинде биринчи ондукта турган он кандидат, республикалык шайлоо фондун каржылайбыз деп моюнга алышты. Бул үчүн ар бири ортого 100 миң доллардан таштамай болду. Мындан сырткары, жети облусту жети лидер өздөрү каржыламай болушту. Ысык-Көл облусун Садыр Жапаров, Нарын облусун Нарынбек Молдобаев, Чүй облусун Мыктыбек Абдылдаев менен Азамат Кангелдиев, Талас облусун Дастан Жумабеков, Ош облусун Акматбек Келдибеков, Жалал-Абад облусун Камчыбек Ташиев, Баткен облусун Арзыбек Бурханов, Ош шаарын Марат Султанов, Бишкек шаарын Жаныш Кудайбергеновдор моюнга алышты.
Мыйзамда шайлоо фонду 50 млн сомдон ашпасын деп жазылып турганы менен практика жүзүндө 500 млн сомдон жогору чыгымдаган учурлар болот. Мисалы, Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер эң аз дегенде 750 млн сом сарптайт. Ансыз өтпөйт. Анткени, шайлоодо ар бир кыймыл акчасыз бүтпөйт. «Мен мекенчилмин » деген агитаторго деле азыраак акча төлөп калсаң, “Баланча деген талапкер, сага караганда көбүрөөк төлөп берип жатат. Ошого барып иштеп берем” деп кетип калган учурлар көп кездешет. Агитация кызуу жүрүп баштаган мезгилде, кайсы талапкер көп төлөп берет болуп жарыш башталып кеткен учурлар болот. Ушул шайлоодо ар бир облуска аз эмес каражаттар жумшалды. Алды чоң облустар мисалы, Ош облусу 1,5 млн доллар, арты Талас, Нарын, 200 миң доллардан сарпташты.
Эл менен жолугушуу кызуу жүрүп жаткан мезгил. Убактылуу өкмөт “Ата- Журт” партиясынын лидерлеринин ар биринин артынан катуу аңдууларды коюп, ар бир кыймылыбызды көзөмөлгө алып турушкан. УКМК нын кызматкерлери ар бир жолугушуубузду видеoкамерага тартып, Ак үйгө жөнөтүп турушту.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg